Котормосу мындай:
1. G-Dragon: “Тук-тук. Салам, мен G-Dragon. Сизге жаңы жылдык куттуктоо келди. Мен каалоо даярдап койдум.2012-жыл ажыдаардын (корейче "ён") жылы деп коюшат, сиз билгендей менин атым ЧжиЁн~. Андыктан эмдиги жыл мен чыдамсыздык менен күткөн жыл деп ойлойм. Анын баардыгыбыз үчүн маанилүү жана жагымдуу окуяларга бай болушуна дуба кылам. Жаңы жылыңыздар менен!”
0
adalsvards
2012-01-10 11:31:39
СынРи: “Тук-тук-тук. Салам, мен СынРи. Сизге жаңы жылдык куттуктоо келди. Мен да каалоо даярдап койгом. Бул жыл сүйүүдө, окууда, жумушта жана каалаган тармагыңызда сиз жеңишке (корейче "сынри") жеткен жыл болот деп үмүт кылам. Бул Big Bang'ден Сынри болду.”
0
adalsvards
2012-01-10 11:35:15
ТэСон: “Тук-тук. Салам, мен ТэСон. Сизге жаңы жылдык куттуктоо келди. Мен да жаңы жылдык сөз даярдап койгом. Баарыңыздарды бул жылы улуулукка (корейче "дэсан") жетишиңиздерди каалайм. Биз, Big Bang, быйыл ишмердигибизди энергия менен баштаганы турабыз, андыктан сиздер менен чогуу чоң жетишкендиктерге жетели! ТэСон, ТэСон, ТэСон.”
0
adalsvards
2012-01-10 11:38:12
ТхэЯн: “Тук-тук. Салам, мен ТхэЯн. Сизге жаңы жылдык куттуктоо келди. Мен да каалоо даярдап койгом. Жаңы жылыңыздар менен! 2012-жылы жаңы күн (корейче "тэян") чыгат, ошондой эле Big Bang'ден чыккан ТхэЯн да жаркырайт. Чын дилимден сиз каалаган жана кыялданган нерселер 2012-жылы аткарылат деп ишенем. Файтин!”
0
adalsvards
2012-01-10 11:40:41
T.O.P: “Тук-тук. Сизге жаңы жылдык куттуктоо келди. 2012-жылдын биринчи күнү кирип келди. Быйылкы жыл "эң жогорку" (‘top’) деңгээлде эсте калам деп ниет кылам. Toп. Сиздер мен үчүн чокусуздар (t-o-p).”
0
Jaynagul
2012-01-10 14:06:05
adalsvards, вау корей тилин билген кандай жакшы! кантип тез уйронсо болот? ((
0
Арина
2012-01-10 14:14:36
Jaynagul, ошо сиз айткандай болсо, мен жыргабайт белем? ыыы... мен корей тилин билбейм... ал эми бул жакка ташып келгендерим же англисчеден, же орусчадан эле которуп койгондугум... :(((
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.