ЖЕБЕ тобу Насаат ыры

Жүктөлгөн: 21-10-2013
03:26
43.23 Мб
Жанр: Поп
ЖЕБЕ тобу "Насаат ыры"
Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп, ай,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти,
Жөн жүргөндо жигитти,
"Жөн жүрбөйт го мобул" деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.

Аскар тоонун этеги,
Барып-барып чак болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак
Аргымакты жаман деп, ай,
Буудан кайдан табылмак.

Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрдө,
Жардам берип жаныңда, ай,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып, ай,
Табалаган дос эмес.

Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман,
Өзөк өрттөп куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.

Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Даары болот, билип жүр.
Керкейгенге кергейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес,
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.

Алган жарың Айпери,
Хандын кызы болсо да,
Ажаанданып кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Комментарийлер (106)
aikoldar
2014-01-18 09:46:58
Жакшышы жакшы эле деш керек, зачем коралбастыктын кереги бар. Ото супер болбосо да, кээ бир клипке караганда жакшы. Маныздуу ыр, формасы да жакшы, ырдаганы да жакшы.
0
Аза
2014-01-26 09:17:02
Клип жакшы эле Кыргызстанга болот. А ыр болсо эски ырды ырдап жатышат. Озулору чыгарган ырлардан же жаны ырларды ырдашса болмок. Мен 5 баллдын ичинен 3 деген балл берем!
+1
aigeldi
2014-01-30 09:39:36
орок оро албаган орок тандайт
0
azzambek
2014-01-30 20:26:13
мага жакпады килип
-1
admin_media
2014-02-03 21:01:48
nazi2010,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
0
Alina_001
2014-02-25 13:15:59
admin_media, Сизге бир суроо берсем болобу?
0
admin_media
2014-02-25 13:27:50
Alina_001,
Саламатсызбы! Купуя менен жазып жиберсеңиз болот сурооңузду.
0
hakker_a
2014-02-04 03:41:09
Кыргызстанда биринчи жолу мега клип болуптур. Болот экен го ушинтип ырдап ушинтип кийинип ушинтип клип тартса. Бирок калпак кийип алганда мындан да озгочо болот беле билбедим айтор.
0
kg_bars
2014-02-14 14:41:11
ыр сонун экен
+1
Alina_001
2014-02-23 15:32:40
Мынча сонун ыр ..КЛАСС. Жебе тобу сиздер красавчиксинер
+1
Tomega
2014-02-23 15:42:34
Жигиттер озунчоле Ф4го.Формага соз жок.
+1
Alina_001
2014-02-23 17:54:27
Жебе тобу сиздерге бир сурооо эмне учун сиздер отурганга Медер отурган жокк и анан башында да кошпопсунар?
+1
Alina_001
2014-02-25 13:14:24
Сонун го озгочо Самат байке жана Кумар байке Сонун чыгыпсынар
+1
nazi2010
2014-03-01 15:44:46
Мне очень понравился клип и песня незнаю как вам? но у нас такого еще не было Молодцы!!!
0
Leo.
2014-05-10 10:30:42
sonuuuuun!!!!
0
omurbek312
2014-05-11 10:04:48
алга жебе тобу сонун
0
Jibulina
2014-09-29 17:00:54
кумар красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан