Юлия Руцкая Аппак сүйүү

Жүктөлгөн: 01-11-2013
04:19
54.02 Мб
Жанр: Поп
Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Сөзү : Нурак Абдыракмановдуку
Обону : Нурак Абдыракмановдуку
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Комментарийлер (156)
EVITA
2014-02-06 10:30:33
Шик, Блеск, Красота, Талант, Любовь,Труд, Высота.......
+24
RAY
2014-02-09 08:56:59
Супер "Бомба"клип !
+18
Cunade
2014-02-09 11:21:16
Койногу мынча сонун!!!!
+13
naz_chy
2014-02-09 17:55:46
Потрясающий образ! Восхитительное исполнение, очень интересный клип! Браво Юлие и автору песни !
+16
FENIKSS
2014-02-11 14:29:12
Bellissimo.....))))))))
+13
naz_chy
2014-02-16 14:12:05
Белов-красавчик!!!
+10
kyrgyzstan.kg
2014-02-17 23:07:50
Нурак атабыздын карылыгы келген екен
+1
zilish_kg
2014-03-01 13:48:19
Баракелде жан дуйносун арнап берилип ырдаптыр, созундо да акцент жок тунук, бир уккан адамга кыргыз ырдагандай эле туюлат......)))
+10
Nurstan
2014-03-09 12:44:27
Эн соонун!!!
+7
Faki
2014-03-22 18:43:29
Коруп, клиптин жакшы тартылганына козун тойбойт. Айабай жакшы тартылган. Баардык ушул клипке салымын кошкон адамдарга иштерине ийгилик каалайм.Чон рахмат.
+5
Nara_zi
2014-04-02 01:08:11
Эн мыкты, башка клиптерден озгочолонгон клип! Ырга да соз жок, эн сонун ырдаган Руцкая, жылдын ырчысы, жылдын хит ыры, жылдые клиби болушуна тилектешмин.
+3
naz_chy
2014-04-28 22:07:22
ребята, я не знаю кто у кого слизал, но я недавно увидела один казахский клип "один в один". То же самое платье, те же степи и небо. Та же походка, ну все так же. Только вместо деда и лошади- бой в степи. Блин.....что сами не можете придумать, что ли??? Ощущения- как будто в душу плюнули
-4
Almanbet
2014-05-03 21:46:02
naz_chy, клипте озун коргондой созун, обонун
Н. Абдыракманов жазган, менимче казактар биздин ырларды коп кочурушот
+3
naz_chy
2014-05-04 07:37:20
Almanbet, казахтардын ыры башка болчу, бирок клип точно ушундай
0
restreppo
2014-07-13 20:17:17
эхх чиркин ай ырды карачы, мына клип клип тарткандарга жана ырчыларга чон сабак
+1
altynaiB
2015-08-08 23:34:40
Юлиянын "Аппак суйуу" ырын уккандан бери бул кызды абдан сыйлап калдым алгач конул бурган эмес экем. Анча мынча жылдыз болумуш болгон кыргыздын кыздаранан коро сыймыктанаарлык даражасы бар экен. Юлия ушунундан жазба ишине албан ийгилик.
+2
aravan
2015-10-29 18:25:34
jakshu ur
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан