Кызганбачы дайым мени жөнү жок эле,
Сен үчүн сүйүүдөн ушак сөздөр кымбат беле.
Ишенгин айдайым, сүйөмүн ар дайым,
Өзүңдү гана сүйөрүмду унуттуң неге?
Кызганамын сени дайым сүйгөнүм үчүн,
Сезсеңчи жалындап күйгөн оттой сүйүү күчүн.
Кызганам башкадан, көз кырын таштаган,
Кыздардан сени кызганамын мени сен түшүн.
Сен баарын айт
Ачыгын алдабастан айтчы баарын,
Сен баарын айт
Ушак сөз жүрөгүмө салды тагын
Сен баарын айт
Булгабай ак сүйүүмдү жүрсө дейм,
Сен баарын айт
Жашырбачы жаным.
Сен баарын айт
Ишенбей жүрөсүңбү сүйөрүмө,
Сен баарын айт
Өзүң деп сүйүү оту күйөрүнө,
Сен баарын айт
Жалган деп жүрөгүмдү оорутпачы.
Сен баарын айт
Сенсиң жүрөгүмдө..
Кызганычтан ойлой берип, тарттым көп санаа,
Жабыктым айтылган ушак сөздөн, жалган-жалаа
Жанымдан кетпечи, жүрөгүм эзбечи.
Тагдырым байлап жүрөм жандап ишенип сага.
Эгерде мен сүйбөгөндө өзүңдү чындап,
Аярлап жаныңда жүрбөйт элем айлап-жылдап.
Жүрөгүм жактырган, сүйүүмдү айттырган,
Өзүңсүң жалгыз сүйүп таңгыз мага сен кымбат.
Кайырма:
Сүйөм сени, ох жаным
Жүрөгүмдө от жалын
Сенсиз өмүр бош жаным
Ак сүйүүгө кош салым
Тийип турган күнүмсүң
Сезимдеги сүйүүмсүң
Аяр багып өстүргөн
Махабаттын гүлүсүн
kinaza,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп жана көрүп көрүңүз.
0
ILIASBAIKE
2013-12-02 12:38:32
сопсонун эле клип болуптур.Ырдын мотиви жакшы экен.Быстро запонинющийся напев.Ар кайсы элдер клвавиатурасын баскандан башка эчтеке билбейт элди сынагандан башка.
0
Cho
2013-12-03 12:16:04
москвада тартылыптыр
-1
Heavy
2013-12-03 14:05:13
Азат Бегиштин стилин туурагандай сезилди мага..
+1
Boldukan86
2013-12-03 18:07:45
айпери жакшы эле ырдап жатат азат дегени анча обон келбегендейго
-2
sonka89.
2013-12-09 23:37:56
Койгулачы эмнеси жакшы,чыйылдашып экоо тен жаман ырдаган.Айпери кийингени начар кызыл чачы улуу коргозуп коюптур.Негизи Айпери кийим тандаганды билбейт реперлерге окшоп жарашпаган копишонду неге кийет тушунуксуз.