Мен жалындуу дем менен,
Жарышып жел менен.
Умтулам максатымды бекемдеп,
Бийикти көздөй талпынып, талыкпай.
Жылдыздарды бет алып багыттай,
Учкум келет кыялды кууп жетем деп.
Кайырма:
Бийиктен туруп өмүрдүн бүтпөгөн рахатына канбаймын,
Түбөлүк бакыт барына ниетимден арнаймын, туптунук дем менен.
Аздектеп сүйүүнү жаңыртып, обондой бүткүл жердин шарына,
Бейпилдик, шаттык, бүтпөгөн кубаныч тартуулап,
Мен баарына бийлеймин ыр менен.
Жол алдыда кеткенин адамдар өтпөгөн,
Мен барам кыял менен ашыкпай.
Жаркырап улам үмүттөр чакырат,
Канатымдан шоолалар чачырап,
Учкум келет, бийикке такыр чарчабай.
Комментарийлер (22)
Jamalym
2014-01-13 20:37:55
Ненанын ачык-айрым мунозу жагат да.Клиптерин корсом конул которулот.Бирок бул клипин Бишкек паркта эмес жалан жаратылышта тартса болмок экен.Бирок жалпысынан айтканда жакшы.
0
Gulzhan
2014-01-13 21:35:43
Бишкек Парк ырчылардын клип тартчу жайына айланып калган го.
0
Zhamgurbek
2014-01-14 04:54:57
Gulzhan,Бишкек Парктан башка шаарыбызда козго басар жер жок болсо эмне кылышсын байкуш ырчылар, кобунэсе кымбат баалурак тааныштарынын машинесин айдап клипке тартылышчы эле эми ал деле роскошь болбой калды....