Назгүл Токтакунова Кусалык

Жүктөлгөн: 21-06-2014
03:14
39.65 Мб
Жанр: Поп
Назгүл Токтакунова "Кусалык"
Жүрөктү ээлеп, эстен кетпей,
Канатым күүлөп, келем жетпей, көз ирмемде.
Сезимди ээлеп, бирок сезбей,
Кыялымда жашайсың дале.

Кайырма:
Сага деп жетпей келип,
Сагынып эстей берип,
Жан ыргагым, зарыгамын.
Сезимим жүрөк эзип,
Сени издеп дүйнө кезип,
Издеп келем, мен издей берем.
Күндөрүм жылга айланып,
Убакыт жылбай калып,
Сагынып, сагынып, сагынып.
Кусалык кыйнап жанды,
Жалыным музга айланды.

Таң атат түркүн ойлор келип,
Уктабай сени ойлой берип, көз ирмебей.
Акылды азыр жүрөк жеңип,
Сезимиме баш ийип берип.

Кайырма:

Күндөрүм жылга айланып,
Убакыт жылбай калып.
Кусалык кыйнап жанды,
Жалыным музга айланды.

Кайырма:
Комментарийлер (34)
jalgyzdyk
2014-06-23 17:48:00
эн акыркысы бул албетте берилген тустор, мындай жакшы клипти кутуп жургом, назгулго ишендим
+3
ulik.2014
2014-06-24 12:45:11
Вообще тушунбодум тушунуксуз экен
-1
NADUW
2014-06-24 17:36:31
акырынкам Арсен байке кытайларга окшоп башын ийип кетип калды го.клип жакшы.
+1
Oi_pikir
2014-07-02 11:56:59
Экөө сонун пара болчудай экен. Мага ушул кыз өзгөчө жагат, өң-келбети, үнү, өзүн алып жүргөнү. Стиль, көркөмдүгү жагынан мыкты клип. "Пинаранын" үстүндөгү ресторан да сонун жарашыптыр. Назгүл, кичине активдешсең болот эле.
+4
Oi_pikir
2014-07-02 11:58:17
Сахнада активдешсең дейин дегем.
+2
Oi_pikir
2014-07-02 12:07:28
Арсен менен Назгүл образга кире алышкан, сезимдерди, кусалыкты ачып бере алышыптыр дегенге кошулам. Салыштырып көрүңүздөр, Назира Токонованын "Сага" деген керемет ырынын клибинде ойногон кыздар менен.
+1
KyrgyzstanTugoiloru
2014-07-03 11:24:56
ушулбу кымбат клип дегени? кулдурбогулочу...мааниси жок,...кымбат деп жаны клип чыкты Макпал Исабекованын-Сезимдерим би билбейм ушуга окшош аты,ошол кымбат а бул жон гана средний бюджет еще и мааниси жок, хотя Назгуль ты могла бы и лучше снять клип, учись у западных здевз куда надо деньги ложить и как снимать клипы.
-1
Shaki
2014-07-12 22:53:52
kymbat klip dese ele, osobnyak, mashina tartuu kerekpi silerdin oiunarda? butkon ishke synchy kop deit, Nazguldun unu, stili en jogorku dengeelde, klip dagy ozgocho, kusalyk dep yrdagandai, kyzdyn jigitine bolgon kusalygy chagyldyrylgan, tushunbogondor tushunup algyla! Suuuuuuper!
+4
dav312
2014-07-24 02:54:58
Назгул Токтакунованын таланты чындап бар десем болот ар бир ыры уккулукту жана тушунуктуу бирок кемчиликтер да жок эмес ийгилик сизге
+2
Ulashkin1717
2014-07-28 12:30:34
бир башкача сулуу.
+2
dastan_nookat
2014-07-30 18:35:59
Жакшы!
+3
Ilays
2014-08-04 01:23:40
Урматтуу Админ, сураныч, "Великий дворник" тайпасынын "Суйом сени" деген чыгармасын кошуп коюнузчу
+1
Argen.2000.kg
2014-11-16 17:16:36
Назгул эжеге ийгилик ырлары мага абдан жагат,
0
PATRIOT.KG84
2015-11-02 12:35:16
ушу ырды радиодон бир эки жолу угуп калып аябай жагып калды эле,медиа-порталдан 2 жума издеп таппай, же создорун билбейм кантип издешти, эптеп [moderated]дан сагынып деген созду жазып аран таптым. УХ эми жыргап эле калдым
0
alyke.9696
2016-04-29 21:12:04
Жакшы ыр бирок АРСЕНден башка бала таппай койгонбу клипке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан