ДОБУЛБАС тобу Биздин айыл

Жүктөлгөн: 02-09-2016
04:56
100.2 Мб
Жанр: Поп
ДОБУЛБАС тобу "Биздин айыл"
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

Кайырма:

Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

Кайырма:
Комментарийлер (26)
Kurmanbek_9009
2016-09-03 19:25:08
Клип орто. Ырды аябай жакшы ырдашкан.
0
power444
2016-09-03 23:59:18
Бул токтогулдун толук айылына арналган ыр абдылда майрамбек толук айылынан болот
-1
aikolsha97
2016-09-04 15:40:57
бул толук айылынана тартылган азаматтар ийгилик
-1
Rimanto
2016-09-04 22:39:33
Salamatsyzdarby admin,emnege bek borbievdin yrlary jok tizmede da ozu jok,maga 50 jaw degen yry abdan jakty owonu juktop koisonuzdar sonun bolot ele,bawka saittardan ko4uro albai koidum, aldyn ala raxmat
-1
kalima88
2016-09-05 02:07:18
Мыкты клип, азаматсынар , жигиттер!
-1
egemberdievagulbara
2016-09-05 02:25:14
555
0
club_kg
2016-09-05 20:02:12
Урматтуу admin_media Назгул Токтакунованын Тилегим озун деген ырын суранганыма эки ай болду киризип койгулачы эртерээк сураныч!!!
-1
admin_media
2016-09-06 10:20:55
club_kg,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/audio/174863
-1
psevdonim
2016-09-06 09:33:07
admin_media сизге сураныч, Ким мени тушунуп. тушунуп жигитим деп журо алат.деген ырды ким ырдайт, жана ырдын аталышы??? Рахмат
-1
admin_media
2016-09-06 11:12:33
psevdonim,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
-1
Nasipov.97
2016-09-06 13:47:02
Урматтуу админ Бурул Арунованын ырларын кошуп койгулачы.
-1
kuba-kg
2016-09-13 14:53:40
Кара кулжа эмесби
-1
Ulan2601
2016-09-14 18:09:31
Эх айылды сагындым го
0
karona
2016-09-14 23:05:30
не баары эле минус
-1
Oi_pikir
2016-09-30 09:37:50
Мынча кооз айыл?!!! Ушундай суунун жээгинде, ушундай жашыл шиберде өскөн балдар, анан таланттуу болушат да! Абдылда Иманкулов, Майрамбек Осмонов, Шахра Талипова.. Токтогулдун кайсы айылы? "Добулбастын" жигиттери азаматсыңар! Жагымдуу ыр болуптур.
0
Oi_pikir
2016-09-30 09:39:30
"Добулбаска" эл ичинде суроо-талап бар. Казактардын "МузАРТындай" элдин сүймөнчүгү боло аласыңар. Ал үчүн көп иштеп,кызыктуу, жагымдуу чыгармаларды эле тартуулап туруу зарыл. Силер бир жакшы ырды чыгарасыңар да, ошол боюнча жоголуп кетесиңер. Жакшы иштегиле! Эл силерди баалап алат.
0
bonka
2017-02-13 16:52:20
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
raxmat baikebizge
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан