Түмөнбай Колдошов Бара алган жокмун

Жүктөлгөн: 13-09-2016
03:56
57.12 Мб
Жанр: Поп
Түмөнбай Колдошов "Бара алган жокмун"
Сөзү : А.Токтомушевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, бара алган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум, шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө ушундай жаралган досум,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Комментарийлер (14)
Angel92
2016-09-13 17:48:24
Керемет
+3
kuba502
2016-09-14 17:41:36
Сонун чыгарма болуптур.
+2
Kerben1996
2016-09-16 08:28:02
Жакшы ыр экен!!! Азаматсыз ийгилик...
0
beilis
2016-09-16 12:54:38
чыгармачылык ийгилик каалайм!аткарган ырлары баарын жактырып угам.
0
olimp.kg
2016-09-16 16:09:01
Мен сыйлап, баалаган инсан. Чыгармачылык ийгилик!
0
guljigit88
2016-09-16 18:34:24
Мен сыймыктанган агай бар болунуз
0
Aijamal13
2016-09-18 19:27:36
Абдан сонун ырдаган унуно береке
0
Shahro
2016-09-18 21:25:44
Тумон агайдын ырларын уксам студенттик кезди эстеп кетем
0
mi2000
2016-09-22 19:00:21
Чыныгы талант. Таасирдуу ырлар. Озгочо скрипканын уну абдан жакты. Ийгилик каалайм сизге.
0
Sezy
2016-09-27 00:49:32
Мыкты
0
elya1973
2016-11-09 14:24:44
Ыр деп ушуну айт ун десе ун мааниси да укмуш ийгилик
0
Cholpon555
2016-12-14 11:02:42
Жаш эле бала, картайып калган илгерки ырчылардай болуп ырдайт экен. Артист деген бир орунда тура бербей бийлеп, кыймылдап өз атына жооп бериш керек да. Курсактарын кампайтып сахнада бир орунда тура берген ырчылар жакпайт. Клип деле кайталанма эски клиптердин катарын толуктайт.
-1
bantik
2016-12-14 11:04:35
Ырга соз жок кучтуу чыгарма. Бирок клибиндеги жеткинчек кыз менен оспурум баланы чондордой бактын арасына бири-бирин тиктештирип жаткырып койгону туура эмес.
0
i-bilim
2016-12-14 11:10:05
Ырчылардын клиптеринен өзгөчөлүк күтүп тажадым. Өз казаныбызда кайнай бербей, башка элдердин да маданияты менен таанышып, алардын жакшы жагын алсак, өнүксөк...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан