Айымжан, Жийдеш Эки канат

Жүктөлгөн: 04-11-2016
04:03
57.87 Мб
Жанр: Поп
Айымжан , Жийдеш "Эки канат"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Андрей Догайдыкы
Канат күүлөп учтук биз уядан,
Кайда болсом дагы жараткандан,
Жакынымды сакта деп суранам.
Жанын сактай жүр,
Жүзүн каптап нур
Барсың асманымдын ачыгына,
Теңдеш бир боорумдун жарымына,
Билем сен жетесиң бакытыңа.
Сен бакытыңа,
Сен бакытыңа.

Кайырма:
Жолукканда күтүп, жанынан шаң тараган,
Сөз түгөнбөй күлүп, сүйлөшүп тажабаган.
Эже-сиңди болуп, ээрчишип биз жүрөлү,
Эң жылуу бул сезим жүрөктү аралаган.

Өчпөй бала кезде эсте калган,
Бакыт ирмемдерин кармай алгам.
Кандай бакыт бизге тең жаралган,
Сырдашканым сен,
Муң жазганым сен.
Жандап кыйын күндү унуттурган,
Далай жакшылыгың билип турам.
Дайым бул достукту бийик тутам,
Бийик тутам мен,
Билип турам мен.

Кайырма:

Сырларымдын эң көбүн,
Жалгыз бир сен билесиң ачып маанай.
Турмуш бизди бөлбөгүн,
Татып, ар дайым, дайым бакыт-таалай.
Бир туугандай
Комментарийлер (38)
nelli
2016-11-11 04:25:00
Сонун. Маанилуу клип. Жакшы чыгыптыр.
+1
amina2016
2016-11-11 17:29:48
Мага жакты жагымдуу кайра кайра уккун келет экен
+1
Mamatov
2016-11-12 02:20:10
жакшы.
+1
Murat9091
2016-11-13 13:09:35
Жакшы клип экен.
+1
Shirinim345
2016-11-14 22:02:55
Мага жакты.
+1
dina_nina
2016-11-16 15:14:38
Соонун ырдашкан, молодцы
+1
Urmatbekovna7
2016-11-22 17:51:19
Админ текстин жазып койгулачы сураныч
0
Ishenalieva
2016-11-22 18:07:02
Мага ыр да, клип да,жакты
0
kilim
2016-11-25 20:35:22
Айыма молодец
0
nursultan_
2016-12-01 19:05:56
Жакшы клип и ыр экен
0
aa93
2016-12-07 01:12:30
Аябай сонун чыгыптыр. Азаматсынар!!!
0
Kingsman
2016-12-22 16:06:03
Абдан мыкты чыгармалардын бири! Менин жеке оюм боюнча 2005-жылдан берки чыккан чыгармалардын эн мыктыларынын биринчи ондукка киргизсе болот. ырдын мааниси,аткарылышы,клиптин тартылышы,негизги манызы абдан топ келген!!! Айымжан, Жийдешке экооно ьен алкыш мактоолор
0
kuba1977
2017-02-19 12:58:26
Сонун клип болуптур.
0
diar_1113
2017-09-26 02:20:07
Сонун ырдашыптыр клипда жакшы тартылыптыр
0
maks93
2017-12-04 14:04:04
Клипта ыр да жагат мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан