Аяна Касымова Чагылган

Жүктөлгөн: 15-11-2016
03:46
57.16 Мб
Жанр: Поп
Аяна Касымова "Чагылган"
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : А.Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Комментарийлер (58)
happy7
2016-11-20 17:41:45
ырдайт десе эле эптеп ырдай бербей, жакшынакай чыгарманын маани маңызын кетирбей ырдаса ушулар.
0
Maks_shop
2016-11-20 18:45:59
очуруп салгыла
0
jorobek.kg
2016-11-20 21:00:35
Начар эмес жакшы
Бирок жаш ырчыга бул ырдын мааниси дал келбейт анткени бул ыр башыдан копту откоргон терен ойдогу ырчыларго татыктуу
Аяна азыркы замандын жаш ырчысы. Аянага канча керек эркелеп кулуп кубанычтуу шандуу ырлардын баары жарашат шандуу музукалар керек
0
iam
2016-11-21 10:57:53
мага жакпайт, ырлардын баарын эле мунга салып сыздап ырдайт
+1
Aikyn93
2016-11-21 17:58:27
голосу керемет турмосун ондогондо 5
0
sherzatik
2016-11-22 06:27:01
Чын эле түрмө деп ырдалыптыр,түздөгүлө. Кечиргиле)
0
nazira...
2016-11-22 11:59:17
Ооба, башындагы "эки муноз баладай" эмес, "эрке муноз баладай" дегенин да ондош керек. А так ырдаганында соз жок "5".
+2
nargiza1986
2016-11-22 15:45:11
Такыр жакпады.
0
Mile
2016-11-22 17:19:52
Аягына чейин коргучо зеригип журогум сыгылып кетти. Жакшыраак жери бардыр деп умуттонуп жатып клип бутуп калды.
+1
Krai
2016-11-22 22:49:39
Создун маанисин билиш керек турмо менен курмонун мааниси асман менен жердей Аяна
+1
melkaya
2016-11-23 04:03:50
сонун уну бар сонун ыр
+1
kilim
2016-11-28 15:54:29
Мыкты чыгарма
0
Janar9191
2016-12-10 01:57:22
Тим еле элдин баары сынчы болуп кеткенго, Өзү биз бирөөнүн айыбын ачканды укмуш еле жакшы көрөн калк екенбизда.
0
raykray
2016-12-22 02:27:12
Адашканы болбосо эн соонун! Унун уксам эс ала тушом, азыр коп ырчы эски ырларды туурамес же кыргызда жок создуле окшотуп ырдап алгандар бар!
0
aitieva00
2017-03-10 20:37:15
Мен ката угуп жатамбы же чындап эле "турмо" деп ырдап жатабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан