Айар Көл үстүндө

Жүктөлгөн: 03-03-2017
03:20
50.93 Мб
Жанр: Поп
Айар "Көл үстүндө"
Сөзү : Ж.Кайыповдуку
Обону : Ж.Кайыповдуку
Көлдүн үстү, толкунду араладым,
Өмүр учун канткенде таба аламын?
Кандай кылам, көлдөгү жалгыз кайык,
Көрүнбөдүң, жүрөктү жараладың.

Канат шилтеп баратам түгөй издеп,
Табигаттын татына жытын искеп.
Кубаныч күтүп, үмүттө жашасам да,
Кыйын экен жете албай, үмүт үзбөө.

Көл бетинде балбылдап жанат жарык,
Кумарланам көрмөккө сүзүп барып.
Мага булгап жоолугун ал да келет,
Мен издеген баягы жалгыз кайык.
Комментарийлер (6)
Rasul94
2017-03-03 20:09:34
Жакшы ырдай албаптыр.мага такыр жакпайт ушул ырчы
-1
Narto_Margun
2017-03-03 23:42:39
Жакшы ыр,жакшы аткаруучу! Клип да топ келген. Азамат!
0
Janar1109
2017-03-04 08:52:52
АЛГА!!! ийгилик АЙАРЧИК!!!
0
ksb
2017-03-04 10:45:17
Азаматсың!!!Өнөрүң өркүндөй берсин!!! Таланттуу ырчысың,ийгилик коштосун!
0
adik2806
2017-03-24 21:28:12
Бул ырчы менин бөлөм болот,ийгилик сага. Түптөн салам
0
aidjanov.yryskeldi.1995
2017-12-30 15:13:14
Ассаламуу алейкум Айар байке бул ырды жакшы ырдагансыз мага жакты.
Бул ырда өзүмдү таптым. Кайыпов Жолдубай агабыздын арбагы ыраазы болсун. Сизге чыгармачылык ийгиликтер болсун 19_aidjanov_official_page_95 Инстаграмм баракчасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан