Ильяз Абдыразаков Коштошуу

Жүктөлгөн: 07-03-2017
03:58
56.14 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Абдыразаков "Коштошуу"
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
Комментарийлер (32)
nurgan
2017-03-12 18:35:53
Эн соонун ыр эн соонун клип +555555
+1
Ilgiz97
2017-03-13 11:28:16
Мага ыр абдан жакчуу клип ырдан отот супер
+1
bagira77
2017-03-13 12:32:25
Соонун!
+1
ilyaz85
2017-03-14 14:56:48
Азаматсын
+2
Alibay
2017-03-15 14:58:10
Бала укмуш аткарыптыр.Чын эле оз башынан отуп жаткандай.Ильяз ушунундан жазба.Жонокой бол!
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-03-15 17:04:07
Сөз жок азамат чыгармачылык ийгилик каалайм!
+1
Mirlan.nnnnnnnnnn
2017-03-15 19:13:42
Жакшы ыр
+1
azimova90
2017-03-16 15:32:07
Эн сонун ыр ийгилик
+1
Umka636589
2017-03-17 14:37:01
Супер баракелде
+1
a.raeva
2017-03-20 10:48:41
Эң сонун.
+1
mekaaibek
2017-03-23 01:53:53
A9vai sonun yr dagy klip dagy jakty il'9z iigilik saga
+1
Talgat_osh_zamanbap
2017-03-23 10:05:52
Эң сонун, клип да абдан мааниүү
+1
Aziz_aka
2017-07-09 19:48:51
Дан дан Дан
+1
uda4nik
2017-08-02 11:38:11
Жакшы ыр. Клипти кызыктуу кылса болмок. Дагы жаңы чыгармаларды күтөбүз! Жоголуп кетпеңиз АЛГАА!!!
+1
1994jika
2017-08-15 10:00:30
Соонун ыр жан дуйнондогу айта албаган создорду тапсан болот екен )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан