Алмаз Шаадаев Карындаш

Жүктөлгөн: 15-03-2017
03:09
48.04 Мб
Жанр: Поп
Алмаз Шаадаев "Карындаш"
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Алмаз Шаадаев, Ильяз Абдыразаковдуку
Бактылуу бол карындашым,
Барган жериң багыңды ачсын.
Баары сага суктанышып,
Жакшы келин болсун атың.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.

Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.

Кош ак куудай канат кактың,
Кош жүрөктөр жалындасын.
Жүрөгүңөр биригишип,
Түбөлүктүү сүйүү тапсын.
Апасынын канаттары,
Атасынын эркетайы,
Агасынын балапаны,
Биздин үйдүн кенжетайы.

Кайырма:
Карындаш, ак багыттын жолундасың,
Карындаш, ак тилектер орундалсын.
Табылбас, жүрөгүңөр толкундасын,
Жалын жаш агасынын балапаны.
Комментарийлер (8)
Janar1109
2017-03-15 17:44:35
ыр жакшы,клип болсо анча эмес,изденуу жок ,,, байке/карындашы бири-бирин жалдырап атып эле бутуп калды(((
+1
Ronaldo.99
2017-03-15 19:37:33
Клип да ырда зынк!
0
MYRZAA
2017-03-15 21:30:25
Тойго даярдык хахахахахахахааааа Маанисиз!!!
+1
nazi91
2017-03-15 21:31:45
Ошондо өзүнүнүн карындашыны айтып жатабы ырдын тексттинде ошондойго "биздин үйдүн кенжетайы"деп же жактырган кызыны айтып жатабы карындаш деп клипте жактырган кызына арнагандайго
+1
almanbet_kyshtut
2017-03-18 20:22:00
кайрат нуртастын мазала клипине окшошуп кетет екен
0
Rinat91
2017-03-19 22:11:40
Супер инфо Мр3 кайдан тапсак болот
0
a.raeva
2017-03-20 09:47:58
Өзүңүздүн карындашыңызды айтып жатсаңыз,үй-бүлөңүз менен чогу үйдөн чыгарып жатканды тартсаңыз жакшы болмок экен. Клипте сүйгөн кызыңыз башка менен кеткендей болуп калыптыр.
+1
Kiossaki
2017-03-21 21:03:31
Алмаз Шаадаев мыкты десем болот)))Жашоо суртумдору фильминде Эткиндин унун коштогону жагып калган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан