Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстүнөн.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.
Кайырма:
Алыс кетсем, куса болуп,
Сагынам салкын төрүн.
Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,
Сагындым мен толкун көркүн.
Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт,
Изим калды көл четинде.
Кайырма:
Кыялымда учуп барам,
Бийик чокунун үстүнөн.
Кылым карып, кырлар ашкан,
Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.
Комментарийлер (4)
Siren.ms
2018-09-05 16:24:17
Чынгыз Айтматовдун ыры экенин Эми билдим бул кызга жарашыптыр коздору кулуп турат экен
0
stimyl.kg
2018-09-06 12:00:10
Негизи сонун ыр,Гулнур Сатылганова да жакшы ырдайт бул ырды.
0
nurjasi
2018-09-15 07:08:24
Үмүтай аябай жакшы ырдаптыр, азамат
0
nurik89
2018-09-17 22:05:14
Негизи бул ырды Гульнур Сатылганова ырдайт го ..сурап аткарды болду бекен .себеп ыр Ч,Айтматовдуку дуйно алпыныкы а музыкасы М.Бегалиев эн корунуктуу композитордуку Менин оюмча сураган эмес болуш керек .Бегалиев думаю бермек эмес
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.