Иса Өмүркулов Сүйүү жазы

Жүктөлгөн: 08-05-2012
04:01
38.28 Мб
Жанр: Поп
Иса Өмүркулов "Сүйүү жазы"
Сөзү : К. Урмамбетовдуку
Обону : М.Атабековдуку
Гүлзар араладым,
Жүрөгүмөн сүйүп.
Караганым сен.
Караганым сенсиң,
Самаганым сенсиң,
Аяганым сенсиң,
Өмүргө теңсиң.

Алгачкы сүйүү жазың кымбат белек,
Мага гана берет, сага учкум келет.
Эргитсең жел минип сызгандай,
Эртең анда биз жолукчу кез кандай?

Туюлдум сен болуп күн, айым,
Буюрсун тагдырыма ылайым.
Жаштыгымды камчылап,
Жаным отко талпынат,
Нур элесиң шам чырак мага.

Кайырма:

Гүлзар араладым,
Жүрөгүмөн сүйүп,
Караганым сен.
Караганым сенсиң,
Самаганым сенсиң,
Аяганым сенсиң,
Өмүргө теңсиң.

Кайдан жай аламын?
Кагылып мен куштай,
Сабаладым эй.
Караганым келсин,
Самаганым келсин,
Аяганым келсин,
Тилегим берсин.

Сүйүнүп мен өзүмдү калдым таппай,
Сүйүүмө да батпай, үйүмө да батпай.
Көзүмө башкалар көрүнбөй,
Көлөкөмдөй жүрөсүң сен бөлүнбөй.

Өзүңдү ойлогон кезимде,
Өрт чыгып кетүүчүдөй сезимдей.
Жүрөк туйлап булкунат,
Бир өзүңө умтулат,
"Сүйөмүн" деп үн чыгат талбай.

Кайырма:
Комментарийлер (65)
tolik
2012-07-23 08:30:31
Азаматсын! Мага кыз дагы,клип дагы,ыр дагы жакты. Баары жакшы.
+1
batmakan
2012-07-26 19:17:53
akyrky ubakta uwul yr ketpey kaldy bawyman, abdan jakty
+1
novosibrsk.kg
2012-07-30 18:20:44
Мен бул ырды угуп аябай жаккан бирок Иса ырдаганын билбегем жакшы ырларды чыгара баштапсын сага ийгилик Молодец!!!!!!!!!!!!
+1
Burda
2012-07-31 19:41:28
Супер!!! Ийгилик сага Иса!!!
+1
Мэри
2012-08-08 21:15:04
Исанын кийинүү стили да жакшы. Жарашыктуу. Классикалык стиль да жакшы жарашат...
0
aikajanka19
2012-08-19 18:22:22
клиптин качествосу абдан жакшы. ярко,четко,красиво. ушундай абдан жакшы ырды Иса ырдайт экенин укканда абдан тан калгам. АЗАМАТ!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+1
aliia
2012-08-24 02:15:50
suluu bala boluptur, yry da sonun, alga...
+1
jakshy_bala
2012-08-24 10:13:38
Жашыраак кыз тапса болмок озуно ылайык келген! а так калганы жакшы...
0
turaliev
2012-08-25 22:02:46
Кто она? Девушка SEXI!
0
turaliev
2012-08-25 22:15:50
Не эле Исанын ыры жагып жатат дейм да? Корсо обону Атабековдуку турбайбы.Билесинер да Атабековдун колу тийсе албетте ХИТ болот да.
+1
alla
2012-08-28 19:01:47
Молодец все суппер
0
Timon
2012-09-01 16:19:04
klipti chynynda suluu kyz a4yp turat eken. kyz ayabay tatynakay eken...kyzda ozgo4o suluuluk bar .....
0
ASACOOL
2012-09-06 00:21:39
Молоч
0
77777
2012-09-08 17:41:13
uwul baladan bir nerse kutso bolot
0
Nurluujan16
2015-12-16 16:43:01
Кумар Асановдун - Кыргызстан деген ырын Иса Өмүркулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда ырдап чыкты эле. Урматтуу суперинфонун админинен суранат элем ошону дагы жүктөсөңөр деп.
0
admin_media
2015-12-16 18:16:16
Nurluujan16,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан