Асель Касымова Эркелеп

Жүктөлгөн: 19-06-2012
03:39
50.66 Мб
Жанр: Поп
Асель Касымова "Эркелеп"
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет,
Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет?
Бир өзүң деп жүрсөм да.
Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн,
Бир өзүң, жүдөдүм.
Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
Эркелеп, эркелеп сага барсамбы,
Кучагың, кучагың мага жайсаңчы.
Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы,
Жүрөктүн кусасын жазсаңчы.

Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын,
Көз алдымдан кетпейт сенин карааның,
Жете албай сыздадым.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, сыздаймын.
Жүрөмүн азыр да сени сагынып,
Билемин, келбесиң мага кайрылып,
Ыйлаймын, кыйналдым.

Кайдасың, кайдасың менин жамалым?
Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым.
Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң,
Келбедиң жалгызым, келбедиң.

Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да,
Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да,
Сезбедиң, сезбедиң.

Кайырма:
Комментарийлер (161)
koshmatov
2012-10-07 15:33:07
клип жакшы чыгыптыр соз жок бирок бир кемчилиги бир кадрда жигиттин кол сааты он колуна отуп калат 2:15-2:25 минуталарда
+1
AFRODITA-89
2012-10-14 16:53:10
жакшы ыр
+1
angel.2012
2012-12-14 19:25:39
Мага жакты!Абдан жакшы болуп тур клипттин бир кемчилиги Асел эже кыска туникабы же койнокпу тушунбодум ошол жери жакпады!
+1
_xXx_
2012-12-24 22:08:14
Анжелика менен туугандык жагы жок бекек? Сураштырыш керек экен э достор?
0
reyba
2013-01-07 23:28:45
aselya dagi bir uwunday jagimduu ir irdap ber4i. Kutom
+1
angel.2012
2013-02-10 21:15:33
Оба тура айтсасынар абдан Анжелика эжебизге окшош экен!
+1
fanatka19
2013-02-25 03:35:46
Алга жана алга башка соз жок.таланттуу кыз экенсин.
0
1994jika
2013-04-05 09:05:57
Соонун ыр)
0
nuRchik01
2013-04-08 19:05:29
аябай сонун ыр журогум эзилип кетти!
0
hiall
2013-07-17 11:06:42
Асель айымдын аткаруусунда журоктогу ак сезимдерди ойготкон ырлардан болуптур. Таазим кылам, чон рахмат!
0
mekusha
2014-02-19 00:52:37
Вааау сонун ыр экен!1 Кыз дагы жакшынакай экен бирок клиптин бир аз майы жетишпей калыптыр да а так в целом соз жок алга оркундой бер
0
peri...97
2014-03-05 21:58:15
Урматту админ Асел Касымованын кара жорго ырын жуктоп койузуздарчыыы сураныыыч сиздерден.алдын ала рахмааааат
0
admin_media
2014-03-06 09:54:40
peri...97,
Саламатсызбы! Ал ырды А.Касымова ырдабайт.
http://www.super.kg/media/uservideo/112107/
0
peri...97
2014-04-14 01:27:04
admin_media, ошол озумда ойлодум биринчи,бул кыз кантип эле мындай ырды ырдасын деп....мага ошол Асел деп К тамгасы кеткен фамиляны айтты эле Касымова окшойт деп ойлопмун,корсо жанылыптырмын.....чоон рахмат сиздерге;)
0
admin_media
2014-04-14 10:18:03
peri...97,
Эч нерсе эмес:)
0
Hameleon
2014-04-22 09:16:26
Аябай сонун ырдаган. Ийгилик Асель. Жашоодо аябай эле жонокой кыз экен. Алга ийгилик менен ;)
0
kg_sulushka
2014-08-26 03:48:05
Ubagynda ushul yr mn oorup jurgom
0
MuslimNur95
2015-12-28 18:50:16
Бул ыр мен учун озгочо таасирдуу суйлошкон кызым тун жарымда зв кылып бул ырды угун деп айткан эх Асель рахмат сизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан