Замир Арыкбаев Кыргызым

Жүктөлгөн: 12-11-2012
03:43
46.06 Мб
Жанр: Поп
Замир Арыкбаев "Кыргызым"
Сөзү : Ж.Турсунбаевдики
Обону : З.Арыкбаевдики
Кыргызым, Кыргыз го,
Күйүп турган жылдыз го.
Касташкан душманы,
Кыйратып эч кыргыс го.
Көксөп жеткен азаттыгы колдо бар,
Көктө учкан бир куш го.
Уулуң Манас эрдиктери ойдо бар,
Урпактары бирбиз го.

Кайырма:
Санатын сактаган,
Санжырасын баштаган.
Көөнөн тарых дастандарын калтырып,
Көчмөн элим каада-салтын барктаган.
Кыран куштай алга карай талпынып,
Кыргыз болуп туулганыма мактанам.

Кыргызым улук го,
Кылым кезген улут го.
Калкымдын тилеги,
Кашка суудай тунук го.
Жети дубан мамилеси куралган,
Жердигинен ыйык го.
Биримдике, ынтымака сугарган,
Биздин максат бийик го.

Кайырма:

Кыргызым, баяным,
Кызмат кылуу талабым.
Керемет пейилиңди,
Кайдан издеп табамын?
Чоң жазуучу Чыңгызымдын эли деп,
Чыга берсин кабарың.
Даражаңды ырларымда белгилеп,
Дайым сыймыктанамын.

Кайырма:
Комментарийлер (24)
Beksultanovulan
2012-11-18 16:41:09
Клип жакшы тартылыптыр малацы
0
bosmos7
2012-11-18 23:36:47
Чындап баш айландыбы????
0
Aelina
2012-11-19 12:05:14
жакшы эле болуптур
+1
efiop
2012-11-19 16:14:49
Жакшы клип экен....
+1
Azamatnur
2012-11-20 11:08:34
жакшы
+1
TolonturCN
2012-11-20 15:52:27
Керемет клип болуптур, клиптин жантазиясы өзгөчө болуптур.
+2
kreml87
2012-11-21 20:01:22
ушул ырчы ото жагатта. Турмушта да шайыр болсо кк клибиндегидей.Аябай соонун болуптур.
+1
n73
2012-11-22 19:03:00
ырлары соз жок .. бирок озу бир ааз жоопкерчилиги азыраак да..
0
aibekcazi
2012-11-30 17:05:13
jakkan jok
-1
Ulukbek_mirza
2012-12-19 19:28:25
Effects super
+2
marat.kg
2013-01-06 23:24:48
патирйот элин суйуп ырдаган жакшы да .Кыргызымдыр ушундай жигиттери кобойо берсин
+1
asel.kgz
2013-02-21 09:45:32
суупер
0
k91.91
2013-03-25 18:28:53
Клип сонун ычыгыптыр ! и анан :) Замир байке ушундай кыргыздын кастёмдарын кай жерден таабып аласыз мага да табып беринизчи )))
0
Датка кыз
2013-04-03 11:13:10
Мага анча жага бербеди. Патриоттук сезимди анчалык көтөрө албаптыр.
0
deva
2013-04-03 12:05:31
Замир, клибиниз анча таасир калтыра албады, капа болбонуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан