Дайыр Исмадияров Сагынба

Жүктөлгөн: 03-12-2012
03:54
37.82 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Сагынба"
Сөзү : Жоодарбешим
Обону : Эдиль Маматовдуку
Ак булут учат көктө сабалап,
Асылым, мени койчу аярлап.
Алыстап мезгил учуп баратат,
Бактылуу биздин ал убак.

Жан дүйнөм турат азыр жабыркап,
Жашоомдун баарын кеттиң кайчылап.
Адаштык окшойт эми экөөбүз,
Ай күндө көрүшпөй калсак.

Кайырма:

Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.
Сагынба, сен эми кайгырба,
Ыйлаба, тагдырыңа таарынба.

Кайрылбас биздин эми махабат,
Кантейин, тагдыр, койдуң жаралап.
Бир келген менин тунук сүйүүмдү,
Буйрубай койдуң мени жазалап.

Алыстап көктө учат ак куулар,
Алардын кайгы-муңу дагы бар.
Ыйлаба, жаным, эми ыйлаба,
Ызага түшүп, жаным, кайгыра.

Кайырма:
Комментарийлер (114)
volkodav
2013-06-13 21:29:46
клип жакшы тартылыптыр рахмат.
+1
zolotka
2013-06-16 17:36:27
ыр да клип да жакты кайгылуу экен
+1
bekhaliev
2013-06-20 19:52:28
sagynbaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaaa
0
PATRIOT_07
2013-06-20 22:46:43
Кыздардын кийингендерин жакшы деп коз жумуп коюш кыйын .....чынында, башкы каарман кыз озу да клипти коруп олтуруп, озунчо айтса керек бир аз узунураак кийбей деп .....
-1
Sagy
2013-06-30 10:01:46
Качан добуш бере алабыз? Удаасы менен добуш берууго болбойт деп эле чыга берет. Ондоп койсонуздарчы
0
admin_media
2013-06-30 21:31:36
Sagy,
Саламатсызбы! Бир жолу гана добуш бере аласыз.
0
Tomega
2013-07-02 18:30:27
Соонун клип,ыры да соонун экен.
0
Fasebook
2013-07-26 14:28:33
билбейм мага жакпады ушу баланы коргондо эле маникэн коргондой боломун
-2
fara2503
2013-08-12 06:55:59
Дайыр сенин клиптеринде ырларында баары жакшы . Бирок ачык айтканда унун жок . Сага продюсер болгон жарашса керек ошого шыгын бардай туюлат.
0
munot
2013-08-14 11:30:00
эн сонун чыгарма.жакшы ырдагансын Дайыр.клип конулду тушурчу клип болуптур.бирок уландысын коруп уффф дейт экенсин.азамтсын соз жок
+2
Anar_92kg
2013-08-28 18:34:46
Уфффф бесить меня ваааще жакпайт ушу бала
-1
mamirova
2013-09-26 19:09:27
Anar_92kg, ал жакбаса ырыны укба иии коменда жазбай койо бер
+1
Angelo4ek
2013-08-29 03:15:56
Соонун тартылыптыр,клибин коруп жатып козумдон жаш да чыгып кетти...
+1
mamirova
2013-09-26 19:10:35
ыр сонун экен бирок кыз кыйналбай еле без каблок кийсе болмок экен
0
ular_kg
2013-10-09 17:45:09
ээ сонун клип болгон кайгыра турган красавчик ишине ийгилик )))
+1
slastenka
2014-01-06 17:47:51
sonun boluptur bir syira yilapta aldym
0
Gulzadaayana
2014-03-02 16:49:43
клип жакшы чыккан мага жакты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан