Айчүрөк Иманалиева Кыргызстан

Жүктөлгөн: 19-12-2012
04:12
60.74 Мб
Жанр: Поп
Айчүрөк Иманалиева "Кыргызстан"
Сөзү : А.Акбаровдуку
Обону : А.Иманалиеваныкы
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс, кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
Комментарийлер (10)
Altuha
2012-12-19 15:35:49
клип-слайд шоу болуп калыптырго
0
chikago
2012-12-19 19:30:17
Жакшы ырдайт, бирок мен эмнегедир ырларын коп укпайм..
+1
iwinbolbo
2012-12-19 21:58:04
eje be4era kartaidyda mmmm emi tuwunso bolot.. clip super
0
Tuna
2012-12-19 22:36:53
Maga jakti.
+1
gulmira.kg
2012-12-21 15:35:51
жакшы ыр экен.бирок "Манас"дастан эмесда а ЭПОС
0
nurizka
2012-12-21 16:47:42
"Береке" Азаматсынар
+1
anteya
2013-01-12 00:35:51
Жашыл койнокту кийбей эле койсо болмок. Ырдаганын Айчурок эжебиз жакшы ырдайт.
0
aida1993
2013-01-26 16:43:47
Сонун ыр экен мага аябай жакты. Кыргызстанды аябай сагындыым
0
Pipito
2013-08-25 07:40:36
Это же клуб Кремль! Стены и часы аналог Кремля в Москве!
0
Pipito
2013-08-25 07:41:39
И матрешка в заднем фоне!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан