Алмаз Шаадаев Кечир мени

Жүктөлгөн: 14-01-2013
03:47
47.52 Мб
Жанр: Поп
Алмаз Шаадаев "Кечир мени"
Сөзү : Лариса Асанбекова, Сүйүндүк Бектурганов
Обону : Мирлан Абдраев
Кечир мени, көргөн кезде сүйүнсөм,
Кечир мени, сүйөмүн деп бүгүлсөм.
Санааңды бүт көкүрөгүң үшүтүп,
Самаайыңа сары кардай күбүлсөм.

Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.

Кайырма:
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.

Жамалыңа болбой эле арбалдым,
Неге мынча унута албай кармалдым.
Айланчыктап үмүтүм эч үзө албай,
Мен өзүмдүн сезимиме алдандым.

Кайырма:

Жаралгансып менде сезим ушундай,
Калгым келди сени колдон учурбай.
Буйурбаптыр сени мага акыры,
Жүрөк сайрайт тоонун жалгыз кушундай.

Кайырма:
Комментарийлер (29)
Kesh
2013-01-16 23:06:50
The best one...
0
aus_Deutschland
2013-01-18 04:55:58
Super,baardyk yrlary maaniluu, ozu da jonokoi, tak derjat'...
0
TAION
2013-01-19 05:20:27
Sooonun yr,azamaatsyn.Almazdyn "janymai" Degen yryda aiabai maaniluu.besh.
0
rnurzida
2013-01-22 01:50:04
ушундай ырларды ыр десе болот,азамат!клип чыныгы азыркы заманды чагылдырыптыр,ийгилик
0
karlygach
2013-01-27 18:49:11
uwundai jakwy sozgo doremi dep ele muzyka jazyp koigon bolboit da emi, a klip kliptegi karmandar 4iyki bolup kalyptyr
0
Kamalbek
2013-01-30 15:56:43
onorun orkundoi bersin bratishka!!!!!!!!
-1
begim12
2013-02-20 15:01:37
karlygach сага кошулам актерлор образга кирип аткара албаптыр,ошондой болсода клип мага жакты особенно 2.17 муноттугу учур
,Алмазга чыгармачылык ийгилик
0
zema
2013-05-14 19:36:07
сонун чыгыптыр клиптин сапатыда супер
0
HEIIO.KG
2013-05-15 15:16:57
Ырдын текси абдан жакшы чыккан,ар бир создо ойдун терээндиги бар
+2
Sagy
2013-05-17 22:04:45
Алмаз, билем сен ар бир комментарийге конул коесун. Менин оюмча, ырдын кульминациясын озгочолонтуп корсотуу жетишпей турат.
0
kani86
2013-05-27 02:46:34
Мен сени жакшы кором Алмазик!!!!
Кечир мени, эшигимди бекиттим,
Гүл көтөрүп сунбаймын мен, кечиктим.
Көңүл бүрүн байкабастан сындырып,
Айрылуунун ачуу үнүн эшиттим.
0
kani86
2013-05-27 02:48:00
Кечир мени, тынчыңды алып кыйнасам,
Кечир мени, кош деп коюп кыйбасам.
Кечир мени, жоготконду көп издеп,
Көөдөн толгон кусалыкты тыйбасам.
0
kani86
2013-05-27 02:48:58
кечир мени платочкамды булгаласам!!!!!! Мен сени унутпайм жаным!!!!!
0
alai.gulcha94
2014-03-06 06:17:28
туй ата сонун ырго журок менен уга турган так держать Алмазчик
0
papanstan
2014-05-24 21:09:44
Мен суйгон ыр азаматсыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан