Сен карап көзүмө, айтпа өзүмө,
Жаңылыштык тагдырда, сенде го күнөө?
Сыздап жатсам да, муңга батсам да,
Мен даярмын баары бир сени унутканга.
Таалайым төгүлгөн, танып сен сөзүңдөн,
Бул өмүрдө адаштың, арман өзүңдө.
Жетпей сүйөрсүң, отсуз күйөрсүң,
Алыстадым мен сенден, калды көңүлүм.
Кайырма:
Жүрөгүм жарадар,
Оюмда санаа бар.
Өчүрдүм жүрөктөн,
Өзүңдү карабай.
Сен мени сүйсөң да,
Жалынып күйсөң да.
Кечирим сурасаң да,
Кайрылбайм, кайрылбайм.
Алмашкыс жан болбойт, калдың күйүттө,
Сенден артык сүйгөндөр жүрөт үмүттө.
Мен жүрөгүмдү арнап берейин,
Сенден башка татыктуу сырдуу бирөөгө.
Кош айтам эми, ойлобо мени,
Коштоштук биз, көз жаштын жок го кереги.
Түшүнө албадым сенин сезимиң,
Өмүр бою сагынып жүрөсүң эми.
Кайырам:
Кайрылбайт сага дагы,
Анткени сен татыксыз.
Теңмин деген жигиттерден,
Балким, өзү мен беле.
Тандап бирди арасынан,
Табышмакка сырың чач.
Сен билесиң, мен билемин,
Балким, Айка тандайт мени.
Кайырма: