Гүлнара Калдарова Сага жетпей

Жүктөлгөн: 08-04-2013
03:43
46.54 Мб
Жанр: Поп
Гүлнара Калдарова "Сага жетпей"
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Сагынбек Жумабаевдики
Күндөрүм буйрубады көрүшкөнгө,
Күнөөсүз ой-санаамды бөлүшкөнгө.
Карайган эки тоонун чынарындай,
Калдыкпы катар өспөй тегиз жерде.
Ах, жаным, сүйгөнүм,
Калдыкпы катар өспөй тегиз жерде.


Көрүшпөс деңиздеги аралдардай,
Издешип, табышпаган маралдардай.
Тагдырдын ушул беле шыбагасы,
Тамшанып мен жүрөмүн санаам канбай.
Ах, жаным, сүйгөнүм,
Тамшанып мен жүрөмүн санаам канбай.


Кумардын чапкан аты алыс чыгып,
Колумдун кош тизгисин карыштырып,
Жүрөгүм Мажнундуку, меники эмес,
Жүрөмүн сага жетпей намыс кылып.
Ах, жаным, сүйгөнүм,
Өткөндү кийинкиге салыштырып.
Комментарийлер (26)
kima85
2013-04-10 19:32:36
Гулнара эженин уну жакшы, а клип орто.
0
aiko55555
2013-04-10 20:08:08
Гулнара эже сиз просто суперсиз! клип да ырда сооонун экен!Кыз бурактагы эн жакшы коргон ырчым менин!ийгилик сизге сизден дагы коптогон ырларды кутобуз!
+2
aiko55555
2013-04-10 20:09:55
кара чач да соонун жарашыптыр!
-1
4aidai
2013-04-11 21:28:17
ejekesi tolup ketipsiz, a tak yrynyz jakty.
0
chikago
2013-04-11 23:33:09
Анча деле жакпады ыры сумсагыраак бир нерсе жетпегендей, бирок талантын сыйлаймын, жакшы ырчы кыздардын бири
Жонокойлугу жагат
0
ilgez
2013-04-12 13:39:55
биздин пенсияга чыккан ырчылар эле семиришиип алып отуруп калат , диета , арыктайм деген ойго келбейт.:)
0
kubaziza
2013-04-13 00:18:34
кыз бурак тобунун кыздарынын баары Р тамгасына басым салып ырдашат неге? РРРРРР
+1
nurperi8981
2013-04-13 14:40:49
кенже гулнара айжамал эжелер барда кыз бурак аяабай жакчу азыр кыз бурак тобунун аты жыты жок го???
+1
melkaya
2013-04-22 16:01:15
Klip klassnyi.Malchik krasivyi.
0
Guli.kg.90
2013-05-03 16:28:42
Ммм сонун клип! Гулнара эжеда сулуу!
0
NADUW
2013-05-05 15:04:47
дагы жаны жакшы ырларды кутобуз! негедир ушул эжени жакшы кором башкалардан озгочо.
+1
yalegenda
2013-07-19 23:46:20
4 балл унунуздо соз жок бирок ...
+1
ruslan.78.23
2013-08-26 20:53:42
жаман озгоруп кетипсизго
0
nurai92
2013-08-27 01:02:33
негизи кыз бурактын кыздары клиптерине жакшынакай жигиттерди таап алышат...башкасы окшобосо да созсуз сулуу жигитти коргонго болот))))
+3
tntonlain92
2013-09-25 10:45:41
просто класс
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан