Ильяз Андаш Кыздарга ишенбе

Жүктөлгөн: 17-04-2013
03:46
46.86 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Андаш "Кыздарга ишенбе"
Сөзү : Үсөн Дайырбековдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Айланам караңгы түнөрөт,
Кайгыда күн батат, күн өтөт.
Туруксуз кыздардын жүрөгү,
Сүйүүсү тез эле өзгөрөт.
Кыздарга эч качан ишенбе,
Алдатып, оо, курбум, тиштенбе.
Сулуулар туруксуз, жеңил ой,
Алардан чын сүйүү издебе,
Алардан чын сүйүү издебе.

Кайырма:
Эх, сүйүү, кайгыбы, арманбы?
Же сүйүү кыялбы, жалганбы?
Гитара муңканып сыздаткан,
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?

Кызыл гүл колумдан соолуду,
Кыйналдым, жүрөгүм ооруду.
Кымбатым кайрылбай кетти да,
Калдайган кайгылар тооруду,
Калдайган кайгылар тооруду.

Кайырма:
Эх, сүйүү, кайгыбы, арманбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Гитара муңканып сыздаткан,
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Биз үчүн кайгы эле калганбы?
Махабат жалганбы, жалганбы?
Махабат арманбы, арманбы?
Комментарийлер (53)
KARAKOLDUK
2013-05-15 19:26:24
урматтуу кыздар жакында эле бул тасманы коруп келдим, бул ыр жон гана киного жазылган ыр экен! ))
+1
AltinayAltinay
2013-06-11 20:20:41
Бул кино магада жакты жакшы тартышыптыр
+1
turumbeov_k
2013-07-30 12:07:51
оооооо озунун башынан отокнго канча жолу алданып канча жолу тиштенди экен
+1
ales
2013-09-15 08:27:33
Кыздар балдарга караганда туруктуу.Кыз сүйсө калат, эркек сүйсө алат. Кыздар сүйүп калуудан корккула, андан көрө жигиттерди сүйдүргүлө...практика бар.
0
Tomega
2013-09-29 13:29:32
Кыздарга ишенбесенер ишенбегиле.)))) Кызыктуу кино окшойт.Жакшы ырдаптыр.
0
ketsinizm
2013-09-30 00:40:11
кандайсыздар? мен көптөн бери мобул ырды издеп таппай жүрөм:

тереземе жарык түшпөй ойгоном
жарадармын сага жетпей ойлоном
...булуттардын арасынан
баратамын тосуп алчы мени жолдон
кайырма:
эх жаным келчи келчи
мен жетейин кадырыңа
эх жаным келчи эми
махабаттын айылына

бул ырды ким ырдаганын да билбейт экем. Жардамчы боло аласыздарбы сураныч?
0
dina
2013-10-16 10:13:03
"Карт бойдок" тасмасынын саунтреги. Ал кинону корсонор ырдын маанисин тушуносунор. Мага клип да, ыр да жакты. А, Ильяз Андаш мурдале жакчу))).
+1
bunny89
2013-10-16 19:38:08
клип начар,жакбады,сулуу кыздарда деле журок бар,ал журок бир гана адамды суйот.
0
Meliana
2013-10-17 03:23:35
Эмне деген ыр текстин окуп ырдаганбы озу?
-2
kiborg
2013-11-26 00:55:18
беш кол тен эмес бирок билек бир
0
alai.gulcha94
2014-03-03 06:54:09
хе хе хе хе балдарга да ишенбегиле
0
alai.gulcha94
2014-03-03 06:55:27
бир кыз алдап кеткенго э Ильязды ырдаганына караганда
0
Aikoo2014
2014-05-24 21:20:10
Кыздарга ишенбесен,анда эркектерди суй. Башка эмне демекчибиз,озу ушул созду тиледида.
0
Batken
2014-10-12 20:58:31
Kyzdyn kolundagy pyryldagy jakty.Maga kichinemde Apam biwkekten satyp bargan bolchu.Nostalgia
0
hakker_a
2015-01-06 17:16:41
Vaauu sonun eken maga jakty birok 5 kol ten emesta
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан