Айпери Сыдыкова Махабатты барктайлы

Жүктөлгөн: 30-04-2013
03:37
51.78 Мб
Жанр: Поп
Айпери Сыдыкова "Махабатты барктайлы"
Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

Кайырма:
Сени ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай карааным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы, сезимимди чанбачы,
Сырдашалы, укмаксанга салбачы.
Иренжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың?

Кайырма:

Кел, ардагым, бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел, таалайым, махабатка баралы.
Комментарийлер (84)
fanatka19
2013-05-12 10:14:34
ыр сонун болуптур.ишине ийгилик дагы дагы жагымдуу ырларды кутобуз.
+2
4aidai
2013-05-12 23:59:53
Akkuu degen yrynda na4ar 4ygyp kalgan, a bul orto4o.
0
elina
2013-05-14 15:15:00
Айпери азаматсыз, макияж, кийген койногунуз баардыгы топ келген. Алга......
+1
eliza_eliza
2013-05-14 15:22:20
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Эркек кишилердин кыянаттык кылганы аял кишини жеп бутушот экенда... Чыгармачылык ийгиликтер коштосун Айпери сизди!
+3
simpotichnaya-tina
2013-05-15 10:21:29
Соонун ыр екен маанилуу!!! Азаматсыз клип да жакшы чыгыптыр .... Аябай жакты
0
mamatmusakuzuraziya
2013-05-17 01:14:04
супер пупер классно абдан жакты
0
jasmina_bt
2013-05-20 14:28:57
ырда клипта жакшы болуптур дагы коп коп клип жарата бергиле
0
Kanoya
2013-05-22 17:38:48
Айпери клип,ыр баары сонун болуптур.Ырларыныздын созу,мааниси аябай жагат,бирок апакай аккуну клипи такыр ырдын коркун бузган,ал эми Эркем ырынызда баары топ келишкен.Азаматсыз!Гулшайырга далилдениз эми!
+1
Rustam25
2013-06-11 11:13:49
пожалуйста аудио версиясын жуктоп койгулачыыы)))!?!
0
admin_superstan
2013-06-11 11:50:33
Rustam25, Саламатсызбы!
Бул ырдын аудиосу бар
http://www.super.kg/media/audio/71543/
0
mahita
2013-06-11 17:41:08
азамат, ийгилик
0
Bagirra
2013-06-13 14:19:24
Уну сооонунда, укканда кыз-эркеги деле ээрип кетет...эх Кыз-Бурактын бывший кыздары!!!
0
peri05
2013-07-31 03:34:55
Унун мукамдуу экен жарайсын
0
Elvinka
2014-01-21 22:08:25
Сонун ыр эээ,мага абдан жагат хехе))Клип классный
0
Aikadem89
2015-02-12 10:59:17
Салам, Айпери! Мага ыр да, клип да жакты! Клиптеги баланын аты жону ким? Бир жерден коргондой болуп, такыр эстей албайтам!
0
s.sweet
2016-11-23 09:47:25
Абдан жакшы ыр
клип да соонун азаматсын ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан