Дайыр Исмадияров Жаным

Жүктөлгөн: 18-06-2013
04:30
49.39 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Жаным"
Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.
Комментарийлер (66)
nura_kg
2013-08-12 14:22:34
Klipti Serega tartkan go, manasta owol tarmakta oku4u, kazakstandik bolot ele, eger owol bolso jakwi 4ygyptyr,iygilik,(Kliptegi Gitarani algan orus bala)))
0
omurbek9393
2013-08-19 00:39:41
Сагынба деген клибин тушко айлантканы жакшы болуптур уландысы жакшы экен!!!
+2
Angelo4ek
2013-08-29 03:23:15
Сагынба аттуу ырынын клибин коруп алып ыйлаган болчумун,ал эми бул клибин коруп абдан кубанып кеттим! Азаматсыз Дайыр байке!
+1
bek007
2013-09-18 16:45:14
Дайыр гитараны ойной албайт окшойт, гитара ойногон же билгендер байкасанар колдорун жылдырган жерлерде билинип калып жатат
-3
mamirova
2013-09-26 19:01:44
магада аябай жакты сонун клип чыгыптыр
0
gulzina-22.88
2013-10-19 02:03:36
Супер ырчы,супер клип !
0
gul_kiz
2013-11-28 14:25:38
Ыр да клип да абдан жагат.Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
0
aysi91
2013-12-21 16:03:34
Konuldu kotoruuchu jakshy klip boluptur yrdy jakshy atkargan
0
mirlan15
2013-12-29 19:52:53
Ким эмне десе десин жакшы чыккан килипта ырыда
0
erkeaim678
2014-01-07 16:26:50
эн сонун клип болуптур азаматсын Дайыр
0
mika91
2014-01-15 22:58:36
аябай жакты мага мен да биринчисин коргондо аябай ыйлаган элем ала эми уландысын коруп кубандым
0
periwtem
2014-03-14 15:43:35
Дайыр Исмадияров уйлоуптурго ошол чынбы?
0
stom
2014-06-15 06:00:24
эн сонун азаматсын
0
Nurzada88
2014-06-15 11:43:38
Супер ыp, мааниси да жакшы, Дайырдын гитара черткени аябай, озгочо жакты Азаматсын!
0
eliz-an86
2014-07-05 13:40:42
Ушул ырды суйом даа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан