Өктөм Сапар уулу, Айганыш Абдиева Жалгызымсың

Жүктөлгөн: 19-07-2013
03:56
46.34 Мб
Жанр: Поп
Өктөм Сапар уулу , Айганыш Абдиева "Жалгызымсың"
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.

Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.

Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.

Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!

Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.

Кайырма:
Комментарийлер (45)
upol92
2013-07-24 19:56:12
Ырдын коркун клип ачыптыр !! Аябай жакты. Кыздын уну жакшы экен! Укулуктуу ...:-)
+2
zvezdochca
2013-07-25 13:23:08
superrrr yr jana supeeerrrrr klip!!!!!!!!!
+1
kapriznaya
2013-07-25 13:26:11
Позитивфффффффффффффф. 4 жарым сааттан бери тынбай угуп, көрүп отурам. Э.Сыдыков Кымбатты үйүңө катпай жакшы рольдорго жиберип тур, ал элдин кызы!:)
+2
sweet_27
2013-07-25 20:57:27
Bul yr maga ayabay jakty,kliptegi Ernist menen Kimbat roldorun jakshi oynoshuptur.Eki jash silerge tuboluk tugongus bakit kaalaym,baktiluu bolgula.
+1
Zemlyanin
2013-07-26 18:10:37
у певицы голос классный а внешность не ахти ну это чисто как мусчина говорю а клип не знаю не идеальный но понравилься излучает счатье. Октом молодец песнт его всегда нравились
+1
kreml87
2013-07-27 05:21:40
Октом байке,Кызыл-Кыяда качан концерт бересиз?Клиптеги эгиз журокторго коз тийбесин!
+2
burka
2013-07-28 19:02:57
Оххххооо Эрнист акоо женем ачылып чачылып клипке сонун корк берип коюптур гоооооооооо! проста нет слов
+2
periwtem
2013-08-05 15:33:02
Бактылуу болунуздар ,клип аблан сонун болуптур.
+1
gul-bibi9109
2013-08-08 18:39:03
Клип абдан жакшы тартылган Эрнист аке менен Кымбаттай уй булону ким каалабайт баары оздоруно жарашып турат,бакыт,бекем ыйман,сабыр тунук жашоо каалайм экоонуздорго))))
+1
КОЛЮЧКА
2013-11-05 22:18:05
Өктөм байке красавчик, ыр сонун :)
+1
urmatto
2013-11-11 00:14:49
Чындап эле кыздын аты Айгнышпы?жэ туура эмес жазып алышканбы?Менимче Айганыш болсо керек.
+1
admin_media
2013-11-11 09:12:20
urmatto,
Саламатсызбы! Биздин титрда Айганыш деп турат.
+1
arzuu1
2013-11-14 16:41:36
ушул ырдын MP3си барбы СУПЕР ИНФО жуктоп койунуздарчы сураныч
+1
admin_media
2013-11-14 17:27:54
arzuu1,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/74045/
0
rozalina_4
2014-05-03 10:24:31
Бул клип грамотно тартылыптыр, карасан эс аласын, бул жигиттин ырлары мазмуну голосу аябай жагат уккулуктуу, кыз татынакай экен, бирок башкы каармандагы жигит аябай арык экен, башка симпатичный жагымдуу бала табышса сонун болмок
+1
Muzik
2014-05-24 14:52:29
ен сонун ыр
0
angel_91
2015-09-23 15:31:20
Сонун болуптур. Ыр да клип да аябай жакшы. Ырдын обонуна соз жок. Азаматсыз Октом байке, чыгармачылыгынызга мындан ары да ийгиликтерди каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан