Арсен
"Бакыт байрагы"
Көңүлүм соолубайт,
Кыялдар түбөлүк,
Кызыл күн батканда.
Жылдызым түгөнбөйт,
Түн кетип жанымдан,
Ак таңдар атканда.
Жараткан жазганы,
Буйруган өзүмө,
Бактымды тапканда.
Жомокко айланып,
Бакыттын байрагы,
Желбирейт асманда.
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү, түбөлүккө соолуба.
Бакытым колуңда,
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм,
Тирүүлүктүн жомогуна.
Кармадым колума,
Бакыттын байрагын.
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайгылар баспаган,
Көңүлдү муздаткан,
Караңгы түндөрдү,
Жаштыктын илеби,
Толтурган бакытка
Жалындуу дүйнөмдү.
Кубанам ар дайым,
Бакыттын байрагы,
Арманым түгөндү.
Ар күнү тагдырлар,
Өзүмө тартуу кылат,
Бактылуу күндөрдү.
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү, түбөлүккө соолуба.
Бакытым колуңда,
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм,
Тирүүлүктүн жомогуна.
Кармадым колума,
Бакыттын байрагын,
Азаптар отунда, жомогунда.