КЕҢЕШ тобу Аярым

Жүктөлгөн: 05-09-2013
03:56
40.76 Мб
Жанр: Поп
КЕҢЕШ тобу "Аярым"
Сөзү : Ташкент кызы Гүл
Обону : Мүзүр Мамбетов
Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.

Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?

Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалганда алсырап аядың.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.

Кайгы беле махабаттын белеги,
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?

Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадым.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол менин сага каалаарым.

Кайырма:
Комментарийлер (86)
Begai_kg
2013-12-03 19:24:37
ыры жагат да
0
BakitAyka
2013-12-06 22:10:34
Клиптеги кыз Назира эмес наркысы Мирбек Атабековду You are my destiny ырындагы клибинде ойногон кызга окшош экен.Жакшы ыр болуптур бир канча кун мен озум учун хит ыр болду)).
0
admin_media
2013-12-12 10:41:32
kgz.girl_kgz,
Саламатсызбы! Башка видеолор да ошондой болуп жатабы? Бизге купуя жазып койсоңуз. Рахмат!
0
gulperi.kg
2013-12-14 01:53:56
Клипте уйлонгон жигит жакты)))коздору сооонун экен))))бойдок бекен?
+1
Elika
2013-12-19 15:33:26
Сонун болуптур!
0
merim
2013-12-24 03:49:39
Клиптеги уй МУзурдун уйуго и апасы журот!Бактылуу болгула.
+1
jankou95
2013-12-27 19:52:02
кенеш тобу ар дайым клиптерди маанилуу кылып тартышат азаматсыздар!
+1
gulbar_85
2014-01-23 14:11:07
Силерге рахмат кенеш тобу ар бир ырынар, клибинер супер. Ийгилик, мындан да жакшы ырларды кутобуз.
+1
MoonWalker
2014-02-28 12:45:31
Соз жок
0
shaiyrgul81
2014-05-05 23:46:02
ыр\сонун бирок чыныг турмушда клиптегидей болбой калдыго
0
Murok
2014-06-14 07:41:01
эмилдин бою кичинекей демек жанындагы актриса кыз да ваще кичинекей турбайбы ким эле аты
0
ayka.1991kg
2014-06-21 17:53:27
Игилик сиздерге
0
akulina93
2014-12-06 18:18:55
вау сонун)))клиптеги балдар красавчик го)
0
Tima07
2015-10-27 20:35:34
клип жакшы болуптурго кино коруп олтургандай эле болдум
0
Myke
2016-10-30 23:58:31
Ушул ырды көп укчу болдум. Аябай жагат. "Кеңеш" тобуна ырахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан