Айнура Салахидинова Төк, жамгыр

Жүктөлгөн: 20-09-2013
04:07
51.37 Мб
Жанр: Поп
Айнура Салахидинова "Төк, жамгыр"
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : Б.Капаровдуку
Төк, жамгыр, бирок мени шаштырбагын,
Кайдадыр делөөрүтүп азгырбагын.
Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты,
А бирок калсын жанда жакшы ырларым.

Кайырма:
Төк, жамгыр, төкчү, төкчү нөшөрлөчү,
А бирок калсын жанда жакшы ырларым.

Төк, жамгыр, максатымды сүрөп койчу,
Жашоого кошкум келет үлүшүмдү.
Жууп кет жакпай турган адаттарды,
А бирок жууй көрбө үмүтүмдү.

Кайырма:

Төк, жамгыр, көкөлөтүп маанайымды,
Сулуулап сылап койчу саамайымды.
Өрөпкүп мен бирөөнү күтүп жатам,
А бирок суута көрбө шаабайымды.

Кайырма:
Комментарийлер (23)
azia9393
2013-09-21 00:19:46
эмнеге кара койнок, кара жоолук клибинде бироо жарым олуп калат окшойт деп ойлоп кеттим. макияжы аябай жакшы болуптур))
+2
rnurzida
2013-09-21 10:58:51
Барган жери жарашса кара катын ак болот дейт го. Менимче Айнуранын жолдошу жакшы болуш керек. Сонун болуп ачылып кетиптир. Туболуктуу бакыт каалайм. Ырга соз жок,аябай мазмуундуу экен. Чыгармачылык ийгилик!
+2
M.Lancer
2013-09-21 17:00:42
Эмненге карангыда, капкара кийинип алган
кайгылуу деле ыр эмес экен го
+1
omurbek9393
2013-09-21 17:13:26
Аябай озгоруп алыпсыз.
+2
Baktyluumun
2013-09-21 19:37:30
Aynura supsuluu bolup ketipsizgo... Klip super !
+3
sabyr86
2013-09-22 15:18:29
чындап эле ачылып кетиптирсиз.Азаматсыз.
+1
princessa0712
2013-09-22 15:36:54
Айнура эже мага да абдан жагып калды,ото жонокой,сулуу акылдуу айым,ийгилик сизге,клип да сонун,сизди мен созсуз супер инфого чыгып калсаныз башкалардан мурун сизди кором. Супер инфо айнура эжеден интервю алгылачы,тороптурбу не болду экен.
+1
sher89
2013-09-23 20:38:44
Жашарып кетиптир ыр да жакты
+1
Aziyat
2013-09-23 22:24:32
Ырчылар кызыксынар эй,кайгылуу ыр ырдап жатканда кулбой ырдагылачы,кайфты бузасынар ырсайып.
-4
Aziyat
2013-09-23 22:25:27
А так соонун ыр,мага жагат. Машинада жамгырда уксан сонун.
+1
fanatka19
2013-09-24 00:44:53
кызык элесинер да,клип тартаарда силерден сурап койбоптур,кандай кийим кийсем болот деп.
+3
4aidai
2013-09-25 19:31:42
Клип эн жогорку денгээлде тартылыптыр. Мага жакты. Айнура изденип жакшы иштейт. Кош бойлуу дагы экен мен оз козум менен кордум. Аман эсен коз жарып ал! Чыгармачылыгына да ийгиликтерди каалайм!
+1
4aidai
2013-09-25 19:33:36
Жаны клиптерди кутобуз. Ырдын маанисине жараша кайгырчу жеринде кайгырып,кулгон жеринде кулуп ырдайт да. Азамат!
+1
Asus84
2013-10-12 13:03:57
куйого тийгени жакшы клип тартыптыр молодец жакты пеянясы да жакшы
+1
mamytoff
2014-12-14 22:54:06
Токточу жамгыр,
токтой турчу сенден суранам,
Жууп салба издерди биз баскан деген ырды таап бергилечи Супер инфо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан