Акбар Сүйүнбаев Мезгил

Жүктөлгөн: 04-10-2013
03:39
46.25 Мб
Жанр: Поп
Акбар Сүйүнбаев "Мезгил"
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Обону :
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.

Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.

Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми жакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.

Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
Комментарийлер (39)
Kamolovna
2013-10-07 15:18:30
тим эле укмуш сонун болуптур, ушунчалык жакшы сезимдер журокто калды бул ыр клиптен кийин, агайга узун омур.
0
aika_sv
2013-10-07 17:47:33
Агайга асылбагылачы ал деген клипте роль аткарып жатат, ал эми ыр жакшы. Байдылда атабыздын чыгармасы да, Акбар байке тыныгуудан кийин именно ушул ырды жаздырып эн туура кылган, жакшы ырдап коюптур
0
SuLuWkA
2013-10-08 01:51:51
Соонун ыр да клип да, азаматсыз ийгилик создору мыкты.
0
anara-anara
2013-10-08 13:14:35
Аябай сонун иштептир алга алга демекчибиз
0
aizul9.kg
2013-10-08 21:07:51
супер! ыр да клип да сонун!
0
gooool
2013-10-08 23:15:49
азамат Акбар,бул ырдын обонун биртке озгортуп Султан досуна ырдытып корушун керек экен,ал чучугуна жеткире койсо керек,сага Ийгилик!!!
0
jo-jo
2013-10-10 16:08:58
обонуна тийишпей эле койгулачыыы, эн соонун эле болуптур. Акбар умничкаааа.
0
luluko
2013-10-10 19:00:05
En sonun mazmynduu yr eken.Chygarmachylyk iygilik
0
oimo_kg
2013-10-10 23:12:03
Негизи Акбар актер болчу жайы бар.ырды да образ берип ырдаптыр. Режиссерлер эмнеге аны корбойт билбейм... Азаматсын ушул калыбындан жазбай,чыгармачылыгынды уланта бер. сени элдер сагынып калышты
+1
chayan
2013-10-15 03:56:11
ырдын обонунда соз жок баракелде . а создун мааниси жонундо айтсак кайран биздин акын, сатирик Байдылда Сарногоевдин курч, мазмундуу ,ырларынын бири . ишине ийгилик .
0
Hanzada
2013-12-22 23:05:25
соонун ыр экен алга
0
Erkin.kg
2013-12-25 12:30:31
Ушул ыр бир гана Акбардын аткаруусунда коркуно келет, башка ырчылар! чыйылдап мыйылдап силер ырлабагыла.
0
mr.cana
2014-02-19 19:27:12
Азаматсынар! авторго да Рахмат. Сонун ыр...
0
kasiet95
2015-09-17 01:14:46
Ушул ырды бир гана Акбар байкемдин аткаруусунда уккум эле келе берет,ишинизди кудай колдоп,дайыма элибизге жакшы ырларынызды тартуулап журо бериниз....биз сиз менен сыймыктанабыз!!!
0
Abaeva-1987
2016-03-24 12:13:22
Бул ырды Роза Шакировага караганда Акбар Суйунбаев оз денгээлинде ырдаптыр. Клипи да мыкты!Азаматсын Алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан