"Ноокатта иш бөлмөсүндө уктаган жетекчилер" деген видео кызуу талкууланууда. Бул тасманын башында Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов деген жазуу менен тактай тартылган. Каалгадан киргенден кийин карама-каршы отурган 2 киши столго таянып уктап жатканы көрүнөт. Столдун үстүндө арактын бош бөтөлкөсү, суусундуктар бар.Интернет колдонуучулар алардын бири Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси болсо, экинчиси Ноокат РИИБинин жетекчиси деген билдирүүлөрдү жазышкан.Учурда Улуттук статистика комитети бөлүм башчысынын иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жаткандар кимдер экенин тактап жатат.Ош облустук ички иштер башкармалыгы мас абалында уктап жаткан адамдардын бири Ноокат РИИБинин жетекчиси эмес экенин билдирди.
Комментарийлер (1)
Бирок аларга окшошпойт булар достору окшойт.
Автор : Нургазы Аматов
Оператор : Кайрат Сарбагышов