Бүгүн, 10-январда таң эрте Бишкектин четине чыгып, шаар үстүндөгү кара түтүндү бийиктен көрүп кайттык. Чынында шаардын жогору тарабындагы абанын булганышы анчейин байкалбаганы менен шаардын ортоңку бөлүгү менен ылдый тарабы кара түтүнгө курчалганын байкоого болот. Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары абаны коюу түтүн каптап жатканын айтышып, тиешелүү жактарга кайрылышкан. Ошондой эле ал маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, анда абаны булганышына унаалардын эскилиги негизги себептердин бири экени айтылган.
Автор : Жамалидин Парманкулов
Оператор : Сергек Шатманов