Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну 32 жумалык кош бойлуу кезинде бойдон түшүп калуу коркунучу менен Чүй облустук төрөт үйүнө келген. 15-январда анын жүлүнүнө наркоз берилип, операция жолу менен дарыгерлер төрөтүшкөн. Ал 5 күн комада жатып, 20-январда эсине келбей көз жумган. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын абалы учурда жакшы. Каза болгон аялдын туугандары өлүмгө дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. Алар дарыгерлер акча жана башка нерселерди үмүт кылганын айтышууда. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аялдын өлүмү боюнча иликтөөнү өз көзөмөлүнө ала турганын айтты. Ошондой эле министр “карга карганын көзүн чукубайт” деген принциптер болбой турганын кошумчалады.
Автор : Жылдыз Джускембаева
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу