12- Июль 1945 -жылы Балбан Жеңишбек Дөңбаев төрөлгөн
Эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери (1967), Кыргыз Республикасынын (1985) жана СССРдин (1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңишбек Дөңбаев Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1969-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан. 1969-жылы профсоюздардын бүткүл союздук Спартакиадасында биринчи орунду алган. 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү, 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон. Ал эми 1983-1999-жылдары Республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси, 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.
Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында К.Амуралиев, Н.Изабеков, М.Бобурбеков, Н.Дөңбаев, А.Аскаров, А. Терогелдиев, Р.Маджинов, Б.Омуракунов, Ч.Изабеков, И.Тазабеков ж.б. бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан