19- Июль 1996 -жылы “Атланта-1996” Олимпиадасы башталган
Олимпиада оюндарынын тарыхында эң көп спортчу катышкан “Атланта-1996” Олимпиадасы АКШнын Жорджия штатындагы Атланта шаарында башталган. XXVI жайкы олимпиада оюндарына 197 өлкөдөн 10 320 (6797 эркек, 3523 аял) спортчу катышкан. Анда 26 спорттун түрү боюнча медалдардын 271 комплекти ойнотулган. Олимпиада оюндарын АКШнын 42-президенти Билл Клинтон ачып, ал эми олимпиада отун таанымал боксчу, дүйнөнүн көп жолку чемпиону Мухамед Али колу калтырганына карабай жандырган. Жабылуу аземи 1996-жылдын 4-августунда болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан