|
6-август, 1945-жылы АКШ Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган![]() Бул күнү 1945-жылы АКШ авиациясы Хиросимага атомдук бомбаларды таштаган. Атомдук бомбаны АКШ 1944-жылы жайында даярдап баштаган. 1945-жылы май-июнь айларында Тиниан аралына америкалык 509‑авиациялык топ келген. 1945-жылы 25-июлда АКШ президенти Гарри Трумэн Хиросима, Кокура, Ниигата шаарларын бомбалоого уруксат берген. 6-августта япониялык радарлар бир нече учактын учуп келе жатканын аныктаган. Бирок алардын саны аз болгондуктан, аба тревогасын кагышкан эмес. Саат 8:15те Хиросимага "Little Boy" атомдук бомбасы 10 миң метр бийиктиктен ташталган. Бомба 600 метр бийиктикте жарылган. Анын кесепетинен 100 миңдеген адам каза болгон.
(77 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|