19- Сентябрь 1934 -жылы Кыргыз Республикасында эркин күрөш боюнча Эл аралык категориядагы биринчи калыс Карыпбай Сарымсаков төрөлгөн
Кыргыз Республикасында эркин күрөш боюнча Эл аралык категориядагы биринчи калыс, бир нече жолу СССРдин ондугуна кирген Карыпбай Сарымсаков Талас районунун Каракол айылында төрөлгөн. 1958-жылы КМДТИни бүтүргөн. 1958-1969-жылдары КУУда окутуучу, улук устат болуп иштеген. Ал эми 1969-1971-жылдары Бишкек шаарспорт комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын спорт комитетинин бөлүм башчысы, 1971-1983-жылдары "Спартак" СК төрагасынын орун басары, 1983-1994-жылдары "Колхозчу" СК төрагасы болуп иштеген. Карыпбай Сарымсаков 1963-жылы бүткүл союздук, 1973-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи эл аралык калысы аталган. 1972-1976-жылдары эркин күрөштөн СССРдин эң мыкты 10 калысынын катарына кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан