29- Сентябрь 1843 -жылы Орус аскер башчысы Михаил Скобелев төрөлгөн
Орус аскер башчысы, орус армиясынын генералы Михаил Скобелев Санкт-Петербургда төрөлгөн. Ал 1868-жылы Генштаб Академиясын бүтүргөн. 1873-жылы Хивага жасалган жортуулга катышкан. 1876-жылы январь-февралда Михаил Скобелев башында турган орус аскеринин Анжияндын жана Асакенин жанында көтөрүлүшчүлөрдү жеңилүүгө дуушар кылышы Кокон көтөрүлүшүн (1873–1876) басууга алып келген. 1876-жылдын февралынан Фергана облусунун аскер (согуш) губернатору жана аскер башчысы болуп, Орус падышачылыгынын Орто Азиядагы отор саясатын жүргүзгөн. Орус-түрк согушунда (1877–1878) штабдын алдындагы жогорку командачы, андан кийин штабдын башчысы болгон. 1880–1881-жылы Түркмөнстанды басып алууда 2-Ахалтеке экспедициясына жетекчилик кылып, Деңгилтепе (Күйүкдөбө) чебин жана Ашхабадды басып алган. 1882-жылы Парижде жүрүп, Германиянын жана Австрия-Венгриянын агрессивдүү саясатына каршы чыккан. Бул абалды татаалдантып жибергенине байланыштуу Александр III Михаил Скобелевди чакыртып алган жана көп узабай эле белгисиз абалда 1882-жылы 25-июлда Москвада дүйнөдөн кайткан. Орус падышасынын отор саясатын жүргүзүп, Орто Азия элдерин басып алууга катышса да, тарыхта орустун таланттуу аскер башчысы катары калган. Солдат жана офицерлердин арасында Михаил Скобелев өзүнүн жеке эрдиктери менен белгилүү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан