19- Ноябрь 1924 -жылы Египетте британиялык губернатор Ли Стэк өлтүрүлгөн
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1919-жылы Париждеги тынчтык конференциясына Египеттин "Вафд" партиясы да катышып, өлкөнүн эгемендүүлүгүн талап кылган. Бул топ камакка алынып Мальтага жеткирилгенде, Египетте аларды колдоо көтөрүлүшү башталган. 1921-жылы Улуу Британия Египетти эгемендүү деп жарыялаганы менен, Суданды көзөмөлдөп турган. 1924-жылы Египеттин премьер-министри Заглул Улуу Британиядан Судандагы өкмөттү египеттик деп билүүнү талап кылган. 1924-жылы 19-ноябрда Судандын британиялык губернатору Ли Стэк өлтүрүлүп, Суданда кайрадан баш аламандык башталган. Улуу Британия Египеттен Ли Стэктин өлүмү үчүн кечирим суроону, төлөм төлөөнү жана Судандан аскерлерин чыгарууну талап кылган. 1924-жылы 30-декабрда Ли Стэктин өлүмүнөн кийин Египеттин премьер-министри Улуу Британиянын талаптарынын акыркысын аткарбашын билдирип, отставкага кеткен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан