19- Ноябрь 1875 -жылы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Михаил Калинин төрөлгөн
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Михаил Калинин төрөлгөн. Земство баштапкы окуу жайын аяктап, кошуна помещикке ишке орношкон. 1889-жылы Санкт-Петербург шаарына помещик менен чогуу кетип, лакей болуп иштеп, көптөгөн китептерди окуган. 1893-жылы Санкт-Петербургдун патрон заводуна окуучу болуп кирген. 1895-жылы Путилов заводуна которулуп, мыйзамсыз ийримдерге барган.
1899-жылдын июль айында марксисттик ийримдин башка катышуучулары менен камакка алынып, он айдан кийин Тифлиске жиберилет. Ал жактан да өзүнүн революциялык ишмердигин улантканы үчүн кайра 1901-жылдын март айында камакка алынып, Ревелге жиберилген. Ревелден "Вольта" заводунда слесарь болуп иштеп, жашыруун басмакана ачкан. 1903-жылы январь айында кайра камакка алынып, петербургдук "Кресты" түрмөсүнө жеткирилген. Ошол эле жылдын июль айында кайра Ревелге жөнөтүлгөн.
1905-жылы революцияга катышып, Орусия социал-демократия партиясынын мүчөсү болгон. 1916-жылы камакка алынып, Чыгыш Сибирге жиберилген, бирок ал жактан качып, Петроградда өзүнүн ишмердигин уланткан. Октябрь революциясынын активдүү уюштуруучусу болгон. 1919-жылы Бүткүл Орусиянын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.
1934-жылы 1-декабрда массалык репрессияларды уюштуруунун токтомуна кол койгон.
Михаил Калинин 1946-жылы 3-июнда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан