19- Ноябрь 1961 -жылы америкалык актриса жана продюсер Мэг Райан төрөлгөн
Америкалык актриса жана продюсер Маргарет Мэри Эмили Энни Хайра Коннектикут штатынын Фэрфилд шаарында төрөлгөн. 
Орто мектепти Бетелде бүтүп, 1979-жылы Нью-Йорк университетинин журналистика факультетине тапшырган. 
1981-жылы Жорж Кьюкордун акыркы "Богатые и знаменитые" тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1982-1984-жылдары Райан "Пока вращается мир" сериалында Бэтси Монтгомеринин ролун ойногон.
1986-жылы башкы ролдо Том Круз тартылган "Лучший стрелок" аттуу тасма АКШда эң кирешелүү болгон. Мег экинчи учкучтун аялынын ролун жаратып, "мени ал же түбөлүккө жогот" деген сөзү менен бүтүндөй Американын эсинде калган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан