16- Январь 1969 -жылы америкалык мушкер Рой Жонс туулган
Америкалык белгилүү мушкер, жарым орто салмакта Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонс АКШнын Флорида штатындагы Пенсакола шаарында туулган.
Убагында профессионал мушкер болгон атасы уулунун кичинекейинен эле бокско болгон кызыгуусуна түрткү болот. Өзүнө чемпион болуу бактысы туш келбегендиктен, уулунун чемпион болуусуна болгон күчүн жумшайт. 32 килограммга жетпеген салмагы менен он жаштагы Жонс (1979-жыл) салмагы 40 килограмм болгон 14 жаштагы жаш мушкерлерди жеңип ала баштайт. 1984-жылы АКШда өспүрүмдөр арасында өткөн Олимпиада оюндарында биринчиликти утуп алат. Дагы эки жылдан кийин катары менен 2 жолу "Алтын колкап" улуттук турниринде жеңүү­чү болуп табылат. 
1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында дүйнөнү аябай таң калтырган таптакыр жаңы өзүнчө стили менен чыга келет. Олимпиаданын жүрүшүндө Рой бардык мушкерлер эңсеген алтын медалга жакындап келаткандай таасир калтырат. Анткени, өзүнөн улуу, рингде такшалып бүткөн атаандаштарын четинен жеңил эле утуп алып жаткан. Ушундан улам күйөрмандар "эми көп жылдар бою рингде алдыңкы болуп жүрө турган мушкер аныкталды, ал – Рой" деп көзү ачыктык кылышат. Бирок бул алдын ала айтуучулук кийинчерээк гана төп келди анткени Олимпиаданын алтын медалы Ройго буюрбай калган. Себеби финалда Рой түштүк кореялык атаандашы Парк Си Хунду жеңсе да, судьялар жеңишти Ройдун атаандашына берип коюшту. Калыстардын бул чечими Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң начар чечим деп табылган. Бул көрүүчүлөр үчүн да, атасы үчүн да, өзүнө да күтүлбөгөндөй жагымсыз жаңылык болгон. Беш судьянын үчөө кореялыкка жеңишти бергендиги үчүн алар рефериликтен биротоло четтетилишет. Жаңжал күчөп кеткендиктен, эл аралык Олимпиада Комитети абалды оңдоого аракет кылып, Ройго Вэл Баркердин сыйлыгын тапшырат. Бул эң мыкты делген мушкерлерге гана тапшырылуучу сыйлык болуп эсептелет. Бирок баарыбир Олимпиаданын алтын медалына тең келе албайт эле.
Ройдун профессионалдык бокстогу дебюту өзү төрөлгөн Пенсакола шаарында өтөт. 1989-жылдын 6-майында Рикки Рэндол менен орто салмак боюнча беттешип, аягы Ройдун жеңиши менен аяктайт. Ал убакта атасы машыктыруучусу да, менеджери да болчу. 1992-жылы Рой орто салмак боюнча дүйнөнүн мурунку чемпиондору Хорке Вака жана Арт Сервано менен рингге чыгат. Эки беттеште тең биринчи раундда эле каршылаштарын нокаутка түшүрөт. Көп өтпөй тажрыйбалуу Жорж Кастро менен беттешип, биринчи жолу акыркы раундга чейин урушуп утуп чыгат. Ошондон кийин өзүнүн иштерин алып барууга профессионал менеджерлерге жана машыктыруучуларга тапшырат. Мунусун атасы көп жылдар бою кечире албай коёт, бирок акыры уулунун туура кылгандыгын моюнуна алат. Кийинки беттешүүлөрүнүн биринде мурун Сеулдагы Олимпиадада беттешкен Алтон Маркерсонду утат. Ага удаа эле буга чейин жеңилип көрбөгөн мушкер Глен Томасты 8-раундда нокаут менен жеңип алат. Мындан кийинки нокауттары Ройду олуттуу титулдарга алып келет. 
1993-жылы 22-майда ошол убактагы орто салмак боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, рейтингде биринчи болуп турган Бернард Хопкинс менен IBF титулу үчүн рингге чыгат. Рой акыркы раундга чейин өзүн ишенимдүү алып жүрүп, үс­төккө-­босток муш жаадырат. Судьялар бир добуштан жеңишти Ройго беришет. Ошондон баштап Рой чемпиондук наамсыз жүрбөй калат. Өзүнүн салмагындагы эң күчтүү делген атаандашыТомас Тейтти экинчи раундда эле нокаутка учураткандан кийин башка категориядагы дүйнө чемпиону Жеймс Тониге чыгат. 1994-жылы 18-ноябрда болгон бул беттеш Ройдун "оюнуна" айланат. "Оюну" колдорун артына алып, бетин атаандашына тосуп, бирок, урганга үлгүртпөй андан мурун чагылгандай тездик менен өзүнүн соккусун узатуу эле. Тоунини жеңгенден кийин экинчи орто салмактагы теңдешсиз чемпион аталат. 
1996-жылдын 22-ноябрында легендарлуу Майк Маккалумду 12 раундга созулган беттеште жеңип чыгып, дагы бир салмак категориясынын чемпиондук титулун тартып алат.
Арадан көп убакыт өтпөй жеңилип көрбөгөн Олимпиада чемпиону күчтүү мушкер Монтелл Гриффин менен беттешет. Оюндун кайсы бир раундунда атаандашын өзүнө ылайыктап бурчка такап алып соккулап баштайт. Анан 9-раундда Жонс Гриффинге күчтүү сокку узатып, нокдаунга учуратат. Ыңгайсыз жерде туруп калган рефери беттешти токтоткучакты тизелеп калган Гриффинге Рой эки жолу муш узатып жиберет. Бул кылыгы үчүн Рой жарым жылга дисквалификацияланып (спорт мелдешине катышуу укугунан ажырап) кетет. Ройду көрө албагандар үчүн бул табылгыс болуп, жаманатты кылып башташат. Гриффин да "мен жеңип баштаган болчумун" деп чындыкка жатпаган сөздү айтып чыгат. Ошондо биринчи жолу Рой катуу ачууланат. 
1997-жылы 7-августта өткөн матч-реваншта Жонс Гриффинди биринчи эле раундда нокдаунга, анан ага удаа эле нокаутка учуратат. Ошондон тартып кайрадан жарым оор салмактагы бардык күчтүү мушкерлерди жеңе баштайт. Ичке бир муштап, WBAнын мурунку чемпиону Вирджил Хиллди нокаутка түшүрөт, калыстардын бир добуштан берген чечими менен WBAнын чемпиону Лу Дель Валени, мурунку чемпион Отис Грантты да техникалык нокаут менен утат. Мындан кийин Реджи Жонсон, Эрик Хардинг, Дэрик Хармон, Хулио Гонсалестин жана башкалардын үстүнөн жеңиштер аны күтүп турган эле.
WBC Ройго "Турмуштагы жетишкендиктери үчүн" сыйлыгын тапшырат. Атактуу "RING" журналынын адистери түзгөн "Pound for Pound" рейтингинде 1-орунду ээлеп калат. Бул салмакка карабаган эң күчтүү дүйнөлүк мушкерлердин рейтинги эле. Бул орундан ал карьерасынын аягына чейин он жыл бою түшкөн эмес. "Жеңиш" жана "Рой Жонс" деген сөздөр синонимге айланат. Ошол учурда Эммануэль Стюард: "Жонстун бирден-бир маселеси – атаандаштарынын жоктугу",- деп айткан. Чынында эле өзүнө тең келген атаандаштарынын жоктугунан улам Рой мурун болуп көрбөгөн кадамга барууга аргасыз болот. Эми жаңы татыктуу атаандаш издеп, супер оор салмак боюнча бактысын сынап көрүүнү чечет. Ошентип, атаандаштыкка WBAнын чемпиону Жонни Руис тандалат. Рой жакшы эле салмак топтогонуна карабай (Жонс 87,50 кг, Руис 102,50 кг) салмак боюнча айырма өтө эле чоң эле. Бирок, супер оор салмак орто оор салмактын тездигине көз каранды экендиги да элге маалым. 
2003-жылдын 1-мартында Лас-Вегас шаарында өткөн беттеште Рой өтө сүйгөн манерасына салып, кыбыр атаандашынын өзүнүн чеберчилигин көрсөткөнгө үлгүртпөй кайра-кайра чабуул коёт. Натыйжасында, суктандыраарлык жана ишенимдүү жеңиш, супер оор салмак категориясы боюнча чемпиондук титулду да тартып алат. 
Рой Жонс тарыхка эң улуу мушкер (супер оор салмак боюнча эч ким туруштук бербеген) катары кирген. Руис менен болгон беттеште эле Рой өз Эверестин багындырган. Бул карьерасынын туу чокусу эле. Эми эч нерсе каалабаган, көзүндө учкуну жок Рой кокустан жана тез эле картайып кеткендей болгон.
Кайрадан өзүнүн орто оор салмак категориясына кайтып келүүнү чечкен Рой үч айда он килограмм салмак таштайт. Өзү жокто WBC боюнча чемпиондук такта отурган Антонио Тарвер менен беттешет. 2003-жылдын 8-ноябрында болгон бул беттеште Рой жеңген менен мурункудай уруша албагандыгын көр­сөтүп коёт. Мурункудай тездиги жок ал жеңишке чарчап араң жетет. 2004-жылдын 15-майында өткөн матч-реваншта Рой биринчи жолу раундда үс­төмдүүлүк кылган менен 2-раундда сологой Тарвердин күчтүү соккусуна туш болуп, нокаутка учурайт. Улуу чемпион өмү­рүндө биринчи жолу жеңилүү, нокаут эмне экенин эми өз башынан өткөрөт. Бул жеңилүү ызасы баарыбир Ройду психикалык жактан басынтып коет. Себеби, ал жеңилбеген мушкер, мыкты карьерасы менен чоң спорттон кетейин деп жаткан. Рой боксту улантууну чечип, IBF версиясы боюнча чемпион Гленкофф Жонсон менен беттешке чыгат. Беттештин 9-раундунун алгачкы мүнөтүндө Жонсондун күчтүү соккусун өткөзүп жиберет. Чыкыйга тийген соккудан жыгылган Ройдун башы полго катуу тийип, эсин жоготуп коёт. 2006-жылы июлда кайра бокско кайтып келип, Принс Баджи Адамды жеңип алат. Рой акыркы беттешинде буга чейин жеңилбеген Энтони Хэншоуну жеңгенден кийин Глен Жонсонго каршы матч-реванш өткөрүү эң чоң максаты экендигин жана өзүн ыза кылган Антонио Тарвер менен төр­түнчү жолу беттешүүнү кааларын билдирген.
Рой Жонс бул – бир гана бокс эмес, талант, татыктуулук жана күтүл­бөгөн­дүк. Профессионалдуу баскетболчу, музыкалык продюсер, ырчы, актёр, комментатор... Бул дэңгээлдеги кайсы спортсмен параллелдүү түрдө профессионалдуу баскетболдо ойной алат?! Ройдун боксто беттешке түшөөр күнү да баскетбол ойногон күндөрү болгон. Мисалы, 1996-жылы июнда "Барракуда" командасында ойноп беш упай топтоп, бир сааттан кийин он биринчи раундда Эрик Лукасты нокаутка учураткан.
Жонс – профессионалдуу рэппер жана өзүнө-өзү продюсер дагы. Алгач өзү үчүн 1998-жылы уюштурган көз карандысыз үн жаздыруучу "Body Head Entertaiment" компаниясы бүгүнкү күндө кеңейген. Мындан сырткары, Рой киного да тартылган. Мисалы, "Азезилдин адвокаты", "Матрица-2". Ошондой эле бокс боюнча беттештерди телекомментатор болуп алып барчу. Өзү туулган Пенсакола шаарында жашап, Рой ферма да кармаган. Питбуль породасындагы иттерди, асыл тукум жылкыларды, урушчаак короздорду багуу – хоббиси. Жыл сайын май айында гольф боюнча балдардын турнирин өткөрүп турат.
Бала чагынан идеал туткан адамы Мухаммед Али менен чогуу бүт өлкө боюнча турнеге чыгып келген мушкер дагы. Шал болуп калган досу, мурунку мушкер Жералд МаккЛеланга жардам берип, ал үчүн кайрымдуулук кечелерин уюштуруп да келген. Ройду жакындан тааныгандар “мушкерге караганда адам катары он миң эсе артык” деп мүнөздөшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан