реклама

21-январь, 1956-жылы 5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев туулган

Кыргызстан
5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев Ош областынын Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Каныбек Осмоналиев жогорку билимдүү, 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун физика мугалими адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 1983-1986-жылдары Тарту (Эстония) мамлекеттик университетинин аспирантурасында күндүзгү бөлүмдө окуган.
Каныбек Осмоналиев эмгек жолун 1977-жылы Ош областынын Совет районуна караштуу Свердлов орто мектебинин физика мугалими болуп баштаган. Ал эми 1979-1992-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинин лаборанты, лаборатория башчысы, окутуучу, доцент болуп эмгектенген.
1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-техникалык факультетинин жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын доценти болуп иштеген.
Андан соң 1994-2002-жылдары “Дастан” технологиялык университетин түзгөн жана ректору болгон.
Каныбек Осмоналиев 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык кеңешине Биринчи Май району боюнча атаандаштык негизде депутат болуп шайланып, Биринчи Май аймактык депутаттык топту жетектеген.
Ал эми 2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун илим боюнча орун басары, 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары, 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон.
Каныбек Осмоналиев 2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы.
Каныбек Осмоналиевдин илимий ишмердүүлүгү жөнүндө айта турган болсок, ал:
- Физика-математика илимдеринин кандидаты (1987-ж.);
- Физика-математика илимдеринин доктору (2000-ж.); Профессор (2001-ж);
- Эл аралык кадрларды даярдоо академиясынын мүчө-корреспонденти (Киев, Украина);
- 100дөн ашык илимий жана илимий-усулдук иштердин, 6 окуу китебинин жана окуу колдонмолордун автору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги;
- “Илим жана турмуш” илимий-популярдуу телеберүүсүнүн автору жана алып баруучусу.
Ошондой эле Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
  (62 жыл мурун)
 
Комментарийлер(2)
21.01.2014. 18:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
11-10-2008
Соӊку аракети:
19-07-2016 16:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Википедиядан алынган маалымат боюнча "Фракция — бул окшош көз караштагы саясий ишмерлердин тобу" экен. Демек, кайсы бир саясий ишмер фракциянын "депутаты" эмес, мүчөсү гана боло алат.

Ошондо, Каныбек Осмоналиев, сиздер жазгандай, "ЖКнын “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты" эмес, "ЖКнын депутаты, "Ар-Намыс" фракциясынын мүчөсү" болуп калат.

Кыскачасы, "Каныбек Осмоналиев - "Ар-Намыс" фракциясынан ЖКнын депутаты".
Jeka түзөттү 21.01.2014 18:22
21.01.2014. 18:28 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Jeka, Саламатсызбы!
Сиздин сунушуңуз эске алынып, түзөтүлдү. Рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: