реклама

13-февраль, 2012-жылы УКМКнын СИЗОсунда Бишкек ШИИБинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан 

 
Кыргызстан
УКМКнын СИЗОсунда кызматтык кылмышы үчүн кармалып отурган Бишкек ШИИБинин кызматкери Айбек Эшбаевдин асынып өлгөндүгү тууралуу маалымат ачыкка чыккан. 
11-февраль күнү Бишкек шаардык прокуратурасына Дмитрий Смирнов деген жарандан арыз келип түшкөн. Арызда Смирнов жол кырсыгына кабылып, ушуга байланыштуу Айбек Эшбаев пара талап кылгандыгы айтылган. Анын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы менен Финансы полициясынын кызматкерлери Айбек Эшбаевди кармашкан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында каза болгон МАИ кызматкери Айбек Эшбаев 100 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган. 
Айбек Эшбаев 1996-жылдан бери ички иштер кызматында, анын ичинде акыркы 15 жыл МАИ кызматкери болгон.
  (6 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: