15- Апрель 2013 -жылы
Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов камакка алынган
Кыргыз Республикасынын мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов
камакка алынган. УКМК билдиргендей, 2011-жылы Эсенаманов
төрагалык кылган кен байлыктарын пайдалануу боюнча комиссия Жалал-Абад
облусундагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөт менен макулдашпай
туруп 4 лицензия берген.