23- Апрель 1977 -жылы Ирандык ырчы Араш туулган
Ирандык ырчы Араш Ирандын Тегеран шаарында туулган. Араш 10 жашка чыкканда үй-бүлөсү Ирандан Швецияга көчүп келишкен. Жаңы жерде ырчы тил жагынан кыйналганы менен, жөндөмдүү болгондуктан тез арада тилди да, окууну да өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарына кошулган. Бала кезинен көздөгөн максатына жетүүгө бүт аракетин жумшаган Араш ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. 14 гана жашка чыкканда мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар менен топ түзүп сахнага чыга баштаган. Ошентип ырчылыкка кадам таштаган Араш тез арада эле дүйнөлүк хитке айланган ырлардын аткаруучусу катары белгилүү болгон. Анын швед ырчысы Хелена Юсефссон менен бирге аткарган “Жараланган периште” (“Broken Angel”) ыры күйөрмандарын кайдигер калтырган эмес. Араш орус ырчылары менен да биргеликте ыр жаздырууга үлгүргөн. Мисалга алсак, “Блестящие” тобу менен “Чыгыш жомогу” (“Восточные сказки”), “Фабрика” тобу менен “Али-Баба” ж.б.
Ал эми 2008-жылы Араш азербайжандык Айсель Теймурзаде аттуу ырчы менен биргеликте “Евровидение” сынагына Азербайжандын атынан катышкан. Сынакка “Дайыма” (“Always”) аттуу ыры менен чыгып, жыйынтыгында коло медалга ээ болушкан. 
Араш кесиби боюнча архитектор-дизайнер. Мальмёдогу ЖОЖдордун бирин бүтүрүп, бирок кесиби боюнча иштеген эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан