20- Май 1981 -жылы Испаниялык футболчу Икер Касильяс туулган

Испан Ла Лигалык "Реал Мадрид" клубу жана Испан улуттук футбол курама командасында ойногон дарбазачы, клуб жана испан курама командасынын капитаны Икер Касильяс туулган. 2008-жылы Касильяс башында турган Испан улуттук курама командасы 44 жылдан бери багынта албаган Европа Чемпиондугун, андан соң 2010-жылы Испаниянын алгачкы Дүйнөлүк Чемпиондор наамын жеңип алды, ал эми Касильяс эки турнирдирдин эң мыкты дарбазачысы болду. 2012-жылы Европа Чемпионатынын финал оюнунда Испания Италияны 4-0 эсепке утуп, катарынан үч турнирдин жеңүүчүсү болду. Бул ийгиликке испандардан мурун эч ким жеткен эмес эле. Икер футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачылардын санына кирет. Өзүнүн жоош жана оор басырыктуу мүнөзү ага "Сан Икер", мындайча айтканда "Ыйык Икер" лакабына себеп болду. Касильяс катарынан үч ири турнирди жеңген команданын дарбазачысы жана капитаны болгон алгачкы футболист.

Касильяс Жылдын мыкты европалык футболисти деген наамга эки жолу көргөзүлүп, 2008-жылы төртүнчү орунду ээлеген, ал эми 2009-жылы эң көп добуш алган дарбазачы болгон. 

2009-жылдын аягында УЕФА жылдын командасы курамына катарынан үчүнчү жолу кирген. 2011-жылга карай Касильяс клуб деңгээлинде жана улуттук курама команда менен бардык чемпиондук наамдарды утуп алууга жетишкен абдан аз адамдардын санына кирет. 2010-жылы ал Астурия Принци берген Спорт сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2010-жылдын 19-октябрында УЕФА Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң көп жолу оюнга чыккан дарбазачы жана 2011-жылдын ноябрь айында испан улуттук курама командасынын эң көп жолу чакырылган оюнчусу болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан