10- Январь 1908 -жылы Мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатов төрөлгөн
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатов Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында туулган. 9 жашынан 16 жашка чыкканга чейин байларга жалданып иштеген. Кийин темир жол жумушчусу, Кызыл-Кыя "Жал" шахтасында забойщик, шахта комитеттеринин төрагасы, Көмүрчүлөр союзунун шахта комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ош облустук партиялык мектепти бүтүрүп, "Жал" шахтасында парторг, Кызыл-Кыя шаараткомунун төрагасынын орун басары, "Кыргыз көмүр" трестинин башкаруучусунун орун басары, 33 жыл бою Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеген. КПССтин съезддеринин делегаты, СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине үзүлбөстөн депутат болуп шайланган. 5 Ленин ордени, Октябрь революциясы ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган. 1978-жылы 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан