18- Февраль 2013 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Аманбек Нуртазин каза болгон
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Аманбек Нуртазин 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 
Аманбек Нуртазин Фрунзе шаарында Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясында вокалдан сабак алган. Кийин П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясында окуган. 1962-жылы вокал факультетин аяктаган соң пенсияга чыккыча Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп иштеген. 
Аманбек Нуртазин “Евгений Онегин” операсында Ленскийдин, “Отеллодо” Кассионун, “Манаста” Сыргактын, “Айчүрөктө” Күлчоронун, “Олжобай менен Кишимжанда” Олжобайдын жана башка көп чыгармаларда башкы каармандын ролун жараткан.
Аманбек Нуртазин 1957-жылы VI Дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын лауреаты, Бүткүл союздук вокалчылар сынагынын дипломанты, Орто Азия жана Казахстан өлкөлөрү боюнча вокалчылар сынагынын лауреаты болгон. "Даңк" жана "Эмгек ардагери" медалдары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан