5- Март 2013 -жылы Венесуэланын президенти Уго Чавес каза болгон
2011-жылдан бери рак оорусунан жабыркап жүргөн Венесуэланын президенти Уго Чавес көз жумган. Президентке 4 операция жасалып, акыркысы 2012-жылдын декабрь айында болгон. Акыркы операциядан соң абалы оорлошкон Чавес көп убакыт Кубада дарыланып, өз өлкөсүнө февраль айынын ортосунда гана келген. Ал 2012-жылдын октябрь айында ооруганына карабай президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 54 пайыз добушу менен жеңүүчү болуп, бирок инаугурациясына жетпей калган. Уго Чавес алгачкы жолу Венесуэланын президенти болуп 1999-жылы шайланган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан